Студенттик жашоо

Факультеттин студенттери жана октуучулары спорттук жана маданий массалык иш чараларга активдүү капышышыт. Спартакиада, уиверсиадаларда алдынкы орундарды камсыз кылышат. Студенттердин демилгеси менен факультетте жыл сайын шахмат, теннис, кол күрөш, футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турат.

Факультеттеги футбол боюнча курама командасы жыл сайын спартакиадаларда 1-орунду камсыз кылып келүүдө. Ал эми ЭП-11 группасынын студенти Бакытбек уулу Нур 2014-жылы республикалык универсиадада эркин күрөш боюнча 2-орунду ээлеген.

Ошондой эле факультеттин студенттери маданий-массалык (тамашоу, ыр-кесе, дебат, тегерек стол, долбоорлор менен иштөө) иштерге активдүү катышат.

Факультеттин алкагында «Энергетиктердин күнү», «Транспорт кызматкерлеринин күнү», «Экологдор күнү», «Информатика күнү» өткөрүлүп келүүдө. Тиешелүү адистиктерде окуп жаткан алдыңкы студенттерибиз Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун, «Умут» президенттик стипендиасынын, Нарын шаардык мэриясынын стипендиасы жана НМУнун «ГРАМОТАСЫ» менен сыйланышкан. Акыркы 2 жылда агрардык-техникалык факультеттин студенттери университеттин денгээлинде өткөрүлгөн СӨИ конкурсунда 1−2 орундарды камсыз кылышкан.