Маалыматтык технологиялар кафедрасы

Маалыматтык технологиялар бул - дүйнөгө жана күндөлүк турмушка үзгүлтүксүз таасирин тийгизүүчү кызыктыруучу, татаал жана кулач жайып өнүгүп бараткан тармак.

Бакалавр: Саламаттыкта сактоодогу информатика

Профили: Эксперименталдык — Саламаттыкта сактоодогу информатика
Окуунун формасы Күндүзгү
Окуунун мөөнөтү 8 семестр (4жыл)
Адистикке тапшырууга талаптар ОРТ — 110 балл
Контрактык негизде окууга төлөм 1-жыл — 21 000, 2,3,4- жылдары 23 100
Аккредитация 2021- ж. өтөбүз
Бюджеттик орун жок
Перспективасы Окуу планы европалык стандантка ылайыкталып иштелип чыккан, немис тили, IT, медицина тармактар камтылган. Окуу процессинде «Телемедицина», «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» программалоо тилдери кирет, эл аралык медициналык стандарттар, электрондук базаларды түзүү, иштеп чыгуу, медициналык аппараттык жабдыктарды башкаруу, программдык жабдыктарды отургузуу сыяктуу маселелер каралат.
Кайсыл уюмдарда иштөө мумкунчүлүгү бар КР медициналык борборлорунда, Саламаттыкты сактоодогу информатика багытында илимий ишмердүүлү жүргүзүгө болот. Мындан тышкары жеке компания деп саналган Алтер Мед., Компания «Спец Фарм», ОсОО «Эльфарм» ж. б иштөөгө болот.

Бакалавр: Информатика жана эсептөө техникасы 710 100

Окуунун формасы: Күндүзгү
Окуунун мөөнөтү: 8 семестр (4жыл)
Адистикке тапшырууга талаптар ОРТ — 110 балл
Контрактык негизде окууга төлөм: 23 100сомдон жогору
Аккредитация: 2022- ж. өтөт
Бюджеттик: 10 орун
Келечеги: Компьютердин аппараттык жана программдык каражаттарын тестирлөө, программдык камсыздоо (кирет. Бул багыттын бүтүрүүчүсү компьютердик техникаларды сапаттуу тейлөөнү жана программалоо тилдерин үйрөнүп чыгат. Азыркы учурда коомдо программист — бул жогорку айлык алган, жогорку суроо-талапка ээ болгон эӊ керектүү адис болуп эсептелинет. Бул адистикте окуган студенттер мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууну, программалоо тилдерин (Python, Си, Java ж.б.), сайт түзүүнүн жана тиркемелерди визуалдык иштеп чыгуунун каражаттарын жана технологиясын, берилиштер базасын түзүү ж.б. өздөштүрүп чыгышат.
Кайсыл уюмдарда иштөө мүмкүнчүлүгү бар: ОАО «Кыргызтелеком», банктар, билим берүү тармактарда программист, медицина борборлору, аралыктан иштеген программист, разработчик ж.б.

Бакалавр: Колдонмо информатика 710 300

Профили: Экономикадагы колдонмо информатика

Окуунун формасы: Күндузгү
Окуунун мөөнөтү: 8 семестр (4жыл)
Адистикке тапшырууга талаптар ОРТ — 110 балл
Контрактык негизде окууга төлөм: 23 100сомдон жогору
Аккредитация: 2022 өтөт
Бюджеттик: 10 орун
Келечеги: Программдык каражаттарды тестирлөө, программдык камсыздоо, экономикадагы информатика, маалымат системдери (Web тиркемелерин иштеп чыгуу, берилиштер базасы, экономикадагы маалымат системдери ж.б.) кирет.
«Экономикада колдонмо информатика» кесибин «Келечектин профессиясы» деп атасак ашыкча кетпейт десек болот. Илимий-техникалык революция эсептөө каражаттарын жана экономикада телекомуникациялык каражаттарын, адам баласынын күнүмдүк иштеринде колдонуунун чоӊ мүмкүнчүлүктөрүн ачты.
Азыркы жашоону башкаруучулук чечимдерди даярдоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берген компьютердик жана маалыматтык технологияларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Бул профилдеги адис эмгек рыногуна өзгөчө престиждүү жана атандаштыкка туруктуу, анкени алар экономика, финансы, информатика, башкаруу, моделдөө тармактар боюнча оптималдуу билимге ээ.
Кайсыл уюмдарда иштөө мүмкүнчүлүгү бар: Банк кызматында, мекеме, ишканаларда экономика жана информатиканын айкалуушусундагы бардык тармактарда).