Ишке ашырыла турган иш чаралар

Факультеттин келечеги Кыргызстандагы «Электр энергетикасы», «Экология жана айлана чөйрөнү коргоо», «Жол кыймылын уюштуруу», «Информатика жана эсептөө техникасы» багытындагы адистерди даярдоочу алдынкы окуу ордосуна жетишууну камсыз кылуу. 2014−2015-жылдары энергетика багытында магистратура ачылууда. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинин алкагында аймактык денгээлде билимдин‚ илимдин, техниканын жана маданияттын жетишкендиктерин жайылтуучу борборго айландыруу. Алдынкы компьютердик маалыматтык окуу борбору болууга жетишүүнү камсыз кылуу. Бирдиктүү башкаруунун негизинде студенттердин инновациялык чыгармачылыгынын өрчүүсүнө шарт түзүүчү борборго айланып‚ коомдун талаптарын канаттандыруучу кадрларды даярдоо.