ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕР

2013-жылда агрардык-техникалык кафедрасынын доценти Шерматов С.М. үзүрлүү эмгеги, илимге кошкон салымы үчүн Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын профессор наамын алды.

Ал эми ушул эле кафедранын доценти Молдалиев Э.Д. илимий изилдөө иштин үстүндө талыкпас эмгкектенип, «Теоретические и прикладные аспекты обеспечения безопасности движения в горных условиях» атуу темадагы докторлук ишинин эксперименталдык бөлүгүн аткарып жатат.

Акыркы үч жылдын ичинде факультеттин төмөнкү 4 ага окутуучусу кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү жакташты:

  • ЖусуеваБ. «Орто мектепте окуучуларды сергек жашоого үйрөтүүнүн педагогикалык шарттары».
  • Бугубаева В. «Негизги мектепте физикалык эксперименттерди компьютердик технологиянын негизинде жүргүзүү методикасы».
  • Бекежанов М. «Окуучулардын математикалык окуу жетишкендиктерин компьютердик тесттин негизинде диагноздоонун илимий-методикалык негиздери».
  • Оторова С. «Жогорку Нарын дарыясынын бассейинин суусунун экогеохимиялык абалы».

Кафедранын доценти Э.М.Байбагышов докторлук ишин төмөнкү темада жүргүзүүдө: «Мониторинг почв Внутренного Тянь-Шаня».

Ал эми Ашыров Э.Т., Бейшеналиева У.У., Чоробек к.А. кандидаттык диссертацияларын жактоонун алдында турушат.