Вакансия жарманкеси өткөрүлдү

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ак-Коргон
аймагындагы корпусунда жумуш берүүчүлөр үчүн Карьера борбору вакансия жарманкесин
өткөрдү. Жарманкеге Нарын мамлекеттик университетинин бүтүрүүчү курстарынын студенттери
катышышты. Нарын шаарындагы жумуш берүүчү 15 мекеме ишкана өкүлдөрү катышып, вакансия
боюнча бош орундары тууралуу маалымат беришти.