Саргашкаев Эсенбай Абдыраевич
тарых илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу, Россиядагы табият таануу Академиясынын профессору
Телефоны: (3 522) 5−08−13 (рабочий)
Е-mail: S_esenbai@mail.ru
Университеттин Мамлекеттик тили жана окуудан тышкаркы иштери бүгүнкү күндүн жана коомдук өнүгүүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.Негизги милдети болуп, биринчиден, жаштарды тарбиялоону мамлекеттик тил, улуттук маданият, элдик каада-салт, ыймандык жана эстетикалык баалуулуктар менен айкалыштыра алууну ишке ашыруу; экинчиден, жаштардын рухий дүйнөсүнүн керектөөлөрүн калыптандыруу, тарбиянын таасирдүүлүгүн күчөтүү, таанып билүүсүнүн өз алдынчалуулугун системалаштыруу жана активдештирүү болуп саналат. Университеттеги мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштери, төмөнкүдөй иш-чаралар аркылуу жүзөгө ашырылат:
— Мамлекеттик тилди жайылтуу, иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө;
— Кыргыз элинин көркөм дөөлөттөрүн даңазалоону колго алуу жана кыргыз калемгерлерине арналган тематикалык кечелерди, иш-чараларды пландуу, үзгүлтүксүз өткөрүп турууга жетишүү;
— Көрнөк-жарнак тексттеринин, котормолорунун кыргыз адабий тилинин нормасына ылайык жазылуусун камсыз кылуу, тиешелүү жерлерге сунуштоо;
— Тарбия берүү багытын илимий-теориялык деңгээлден практикага өткөрүүгө умтулуу;
— Кыргыз Республикасынын бүгүнкү ички жана тышкы саясатын, эканомикасын жана маданиятын, келечектеги дүйнөдөгү орду жөнүндө студенттерге маалымат берүү;
— Студенттердин маданий-эстетикалык дүйнөсүн кеңейтүү;
— Кыргыз элинин маданияты, улуттук каада-салттарынын элементтери камтылган жаштык майрамдарын, оюн-шоокторду уюштуруу жана өткөрүү;
— Облустук, республикалык жана дүйнөлүк деңгээдеги спортсмендердин чыгуусуна шарт түзүү;
— Студенттердин ден-соолугун чыңдоого багытталган иш-чараларды, спорттук мелдештерди уюштуруу.
Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректорго тиешелүү түзүмдөр:
- «Соң-Көл» жаштар ордосу.
- С. Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин алдындагы жатакана.
- Спорт зал.
Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректордун курамына:
- НМУнун социалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы;
- «Соң-Көл» жаштар ордосунун директору;
- Мамлекеттик тил боюнча адис;
- Факультеттердин тарбия иштери боюнча декандын орун басарлары;
- Колледждердин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары;
- Жаштар жана студенттер уюмунун президенти;
- Жатакананын коменданты;
- Спорт залдын жетекчиси.
Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштеринин натыйжалуу иш чаралары:
— «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө» жылына карата НМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлгөн кышкы мелдеш;
— 21-февраль — бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата кыргыз тил майрамы;
— ЖОЖдор аралык универсиадада НМУнун «Баскетбол» боюнча уландар командасы биринчиликти камсыз кылышты;
— КРдин Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн буйругуна ылайык 2 айлык ишембилик өткөрүлүүдө. 100 терек, 100 жийде, 10 балаты отургузулуп, НМУга бөлүнгөн Нарын шаарынын Алма-Бак паркы тазаланып, ирээттелди;
— Нооруз майрамына карата НМУда улуттук каада-салттар, улуттук тамак-аштар жана улуттук оюндар өткөрүлдү. Кечкисин «Сармерден» менен коштолгон көжө бышырылды;
— Республиканын белгилүү инсандары менен жолугушуу өткөрүлүп турат. 2014-жылдын апрель айында республиканын белгилүү манасчылары жана Алтайдан келген кыргыз туугандар менен жолугушуу өткөрүлдү;
— НМУнун студенттери спорттук, интелектуалдык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү менен жолугушуу жана сыйлоо кечеси өткөрүлүп, салтка айланууда.