Аккредитация учуру

2023-жылдын 30−31-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде төмөнкү негизги билим берүү программалары боюнча аккредитация болуп жатат:

Бакалавриаттын негизги билим берүү программалары

  1. 670 300 — «Транспорттук процесстердин технологиясы»;
  2. 520 800 — «Экология жана жаратылышты пайдалануу»;
  3. 550 600 — «Көркөм билим берүү»;
  4. 532 000 — «Дене тарбия»;

Магистратуранын негизги билим берүү программалары

  • 550 700 — «Педагогика»;
  • 550 300 — «Филологиялык билим берүү»;
  • 550 300 — «Физика-математикалык билим берүү»;

Атайын орто билим берүү программасы

  • 230 111 — «Компьютердик системаларда программалоо».

Аталган негизги билим берүү программаларын аккредитациялоо максатында «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин эксперттик тобу иштеп жатат. Топ университеттин окуу корпустары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышуу, профессордук-окутуучулук курам, иш берүүчүлѳр, студенттер жана бүтүрүүчүлѳр менен маектешүүлѳр, сабактарга катышуу, тиешелүү иш кагаздарын баалоо процесстерин жүргүзүүдө. Мында эксперттик топ ЖОЖдун өзүн-өзү баалоосуна таянуу менен иш алып барууда.

НМУ пресс-кызматы