Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Бүгүн, 19-декабрда, Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйында күн тартибиндеги маселелер каралып, кээ бир структуралык бөлүмдөрүнүн отчету да талкууланды. Бүгүнкү отурумдун өзгөчөлүгү болуп окутуучу Кулманбетова Сагынбүбү Мусековнанын физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилгендигинин тастыктаган диплому тапшырылганын ректор Сияев Таштанбек Монолдорович жагымдуу кабары менен улады. Мындан тышкары, Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич — Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзуна Искусство таануу циклы боюнча мүчөлүккө кабыл алынгандыгы маалым болду. Университеттин көптөгөн жетишкендиктери — окутуучуларыбыздын ийгиликтери деп билебиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *