Ак-талаалык окуучулар Нарын шаарына саякат жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы Байымбет орто мектебинин 10−11-классынын окуучулары Нарын шаарына саякатташты. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Аталган орто мектептин соцмугалими Мээрим Кулманбетова тарабынан «Нарын шаарына саякат» аттуу саамалык уюштурулуп, шаар ичиндеги 8 маданий жайлар, жогорку окуу жайлар жана башка мекемелер менен келишим түзүлгөн. Анын алкагында 10−11-класстын окуучулары Нарын шаарына саякатташты.

Саякаттын жүрүшүндө окуучулар Нарын мамлекеттик университетинде, Борбордук Азия университетинде, АКИпресс маалымат агенттигинин облустук филиалында, Нарын шаардык жаштар ордосунда, «Секом-Нарын» билим берүү борборунда, Какен Мамбеталиев атындагы тарых музейинде болушту. Мекемелердин кызматкерлери окуучуларды жылуу кабыл алып, өздөрүнүн ишмердүүлүгү туурасында кеңири баяндап, окуучуларга кесипти туура тандоого багыт беришти.

«Бул иш-чаранын негизги максаты — окуучуларга мотивация берүү, кыргыздын улуулугун баалоо, инсандын өнүгүшүнө салым кошуу, кесипке багыт берүү жана өзүн таанытууга жол көрсөтүү болуп саналат. Жалпысынан 17 окуучу барды. Алар: алдыңкы окуучулар, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, ар кандай сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп жүргөн окуучулар. Андан сырткары, райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылуу жөнөткөм. Окуучулардын коопсуздугун бир кызматкер камсыздап жүрдү. Ал эми окуучуларды Нарын шаарына алып баруу жана алып келүү чыгымдарын айыл өкмөт башчыбыз Кенжебай Бейшенкулов өз мойнуна алып, колдоо көрсөттү», — деди М.Кулманбетова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *