Келечек долбоору

Нарын мамлекеттик университетинде Казакстандын улуттук агрардык университетинин ѳкүлү б.и.д. А. Серикбаева жана тоолуу аймакта жайгашкан университеттердин кызматташтык Программасынын координатору, Борбордук Азия университетинин ѳкүлү А. Мародасейнов бир жумалык иш сапар менен болушту. Иш сапардын максаты- НМУда сүттү жана башка айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кичи цех ачуу болуп эсептелет. Жума ичинде аталган коноктор цехке ылайыктуу имаратты, аны ишке киргизүү үчүн керектелүүчү техникалык жабдыктарды изилдеп чыгышты.

Жуманын жыйынтыгында А. Серикбаева НМУнун кызматкерлерине Программанын презентациясын тартуулап, он-лайн режиминде вебинар ѳткѳрүлдү. Анда иликтѳѳнүн негизинде аныкталган, кичи цех ачууга коюлган талаптар жана техникалык жабдыктар жѳнүндѳ маалыматтар берилди.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *