С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине 23 жыл

2019-жылдын 22-майында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине 23 жыл толду. Бул мааракени университеттин жамааты кызуу белгиледи.

24-май күнү университеттин мааракесине карата буга чейинки ректорлор Жаманкулов Ж.М., Акматалиев А.А., Калдыбаев С.К. чакырылды. Университеттин жамааты жана студенттери конокторду зор кубаныч менен тосуп алышты. Алгач коноктор университеттин башкы имаратында болуп, мааракеге карата жаныланып жасалгаланган залдар менен таанышып чыгышты. Анда имараттын 2-этажында атайын мурунку жетекчилер үчүн арналып жасалгаланган зал конокторду абдан кубандырды. Жолугушуу агрардык-техникалык факультетинде уланып, ал жерде ректорлор сырттан окутуу департаментинин ачылыш аземинде болушту.

Андан соң, «Аймактарды санариптештирүү жылына, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Т. Усубалиевдин 100 жылдыгына жана С. Нааматов атындагы НМУнун түзүлгѳнүнѳ 23 жыл толгондугуна карата» илимий-практикалык конференция Нарын музыкалык драма театрында ѳттү. Анда университеттин окумуштуулары атайын докладдар менен чыгып сүйлѳшүп, презентациялар жасалды. Илимий докладдардын аягында сѳз конференцияда катышып жаткан конокторго берилди.

Алгачкы сѳз КРнын Ѳкмѳтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Ж. Ибраевада болду. Куттуктоо сѳзү менен кошо айрым кызматкерлерди КРнын Ѳкмѳтүнүн ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

Ушундай эле куттуктоо сѳзү жана сыйлыктары менен Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын райондук администрациясынын ѳкүлдѳрү чыгып сүйлѳштү.

Кезек мурунку ректорлорго берилип, алар мааракеге чакыруу алгандарына зор кубанычта экендигин билдиришип, университетке кең келечек каалап, ѳз белектерин тапшырышты.

НМУнун ректору Т.М.Сияев университеттин мурунку ректорлору Ж. М .Жаманкуловго, А.А. Акматалиевге, С.К.Калдыбаевге, мурунку биринчи проректор Т. Атанаевге, мурунку башкы эсепчи М. Мааткабыловага «С.Нааматов атындагы медаль» ыйгарды.

Кеченин жүрүшүндѳ филология илимдеринин доктору, профессор Т. Токоевдин жана герман тилдери кафедрасынын башчысы Н. Салмакееванын үй-бүлѳсү университеттин бир нече окутуучуларына жана студенттерине атайын стипендияларды тапшырышты.

Маараке келген конокторду сыйлоо иш-чарасы менен ийгиликтүү аяктады.

Сүрѳттѳр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *