13 мая, 2026

Көп тармактуу адистерди даярдайт

Агрардык-техникалык факультет 1997-жылы 29-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинин ректорунун № 54 буйругу менен түзүлгөн. Азыркы учурда «Электр энергетика жана электр техникасы «, «Транспорттук процестеринин технологиясы «, «Экология жана жаратылышты пайдалануу», «Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар «Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы» жана «Экономикадагы колдонмо информатика»,"Информатика жана эсептөө техникасы», «Колдонмо информатика «, «Логистика»,"Курулуш»,"Дизайн»,"Агрономия»,"Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия"багыттары боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу (аралыктан) окуу процесси жүргүзүлүүдө.

Агрардык-техникалык факультетте бүгүнкү күнү эки кафедра иш алып барууда:

«Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар» кафедрасы;

«Маалыматтык технологиялар» кафедрасы.

Бүгүнкү күндө факультетте 30 профессор-окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 профессор, 4 илимдердин кандидаты, 5 ага окутуучу, 16 окутуучу, 2 кафедранын лаборанты, 2 факультеттин методисттери.

Факультеттин деканы педагогика илимдердин кандидаты, доцент Макеев Арзымкан Касымович

Азыркы учурда «Электр чордондору», «Жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугу», «Экология жана жаратылышты пайдалануу» жана «Экономикадагы колдонмо информатика» багыттары боюнча студенттер күндүзгү жана сырттан окуу (аралыктан) окуу процесси жүргүзүлүүдө.

Факультеттин деканы: педагогика илимдердин кандидаты, доцент Макеев Арзымкан Касымович

байланыш
You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!