НМУнун студенттери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында

25−26-апрель 2019-жылы Агрардык-техникалык факультетинин Маалыматтык технологиялар кафедрасынын «Саламаттыкты сактоодогу информатика» багытынын студенттери Бишкек шаарына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы KyrMedu проектисинин алкагында уюштурулган биомедициналык лабораториясына практикага барышты. Студенттерди «Табигый илимдер» кафедрасынын башчысы Ибраева Н. жана «Маалыматтык технологиялар» кафедрасынын ага окутуучусу Кулманбетова С. жетектеп барышты. Бул лабораторияда проектинин негизинде заманбап медициналык каражаттар (УЗИ, кардиограф, Гастроскоп ж.б.) алынып келинген. Бул сыяктуу аппараттар Кыргызстанда саналуу гана. Студенттер 2 күн бою бул медициналык каражаттардын иштеши менен таанышып, өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *