Жолугушуу поэзия кечеси «Жердеш акындар»

С. Нааматов атындагы НМУнун Ж. Саалаев атындагы Илимий китепканасында 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук» кунүнө карата 18-апрель 2019-жылы «Жердеш акындар» аттуу поэзия кечеси өттү. Жолугушуу поэзия кечесине акын, журналист, юрист Жедигер Саалаев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Ысмайыл Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы, акын Кутмырза Жакыбалиев жана А. Осмонов атындагы Республикалык сыйлыктын лауреаты, жаш акын Акбар Кубанычбеков келишти. Кечени НМУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Т.М.Сияев ачып куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Кечеде акындар өздөрүнүн чыгармаларына токтолушушту, ырларынан көркөм окуп беришти. Студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Кеченин жүрүшүндө Нарын агрардык экономикалык колледждин мугалими Р. Саркелдеева жана айрым студенттер акындарга арналган ырларын окуп беришти.

Акын А. Кубанычбеков 200кө чукул обондуу ырларынан да айтып берди. Ошондой эле «Китеп жан дүйнөнүн азыгы» деген темада китеп көргөзмө чыгарылды. Ж. Саалаевден белекке берилген адабият боюнча китептерине китепканачы Н. Абакирова баяндама берди. Акындар куру кол келбестен китепканага 14 китеп белекке беришти. Жыйынтында Илимий китепкананын директору Г. Кыдыралиева акындар менен жолугушуу студенттердин чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө чоң таасирин берет деп белгилеп өттү.Кеченин жүрүшүндө жаштарды боорукерликке, мекенчилдикке, чынчылдыкка, адилеттүүлүккө тарбиялоо максаты ишке ашты. Китепкана тарабынан акындарга белектер берилди.

Сүрөттөр

Урматтуу окурмандар!

 Ж. Саалаев атындагы НМУнун Илимий китепканасына акындар Шайлообек Дүйшеев, Ысмайыл Кадыров, Акбар Кубанычбеков тарабынан белекке берилген китептер менен таанышып, окуп колдонууга чакырабыз!

1. Ш. Дүйшеев. «Агындылар», 3-китеп, «Кудайдын тоосу кулады».

2. Ы. Кадыров «Кыргызстандын рекорддор» (Гиннес) китеби, «Меймандар үчүн Кыргызча-орусча» сүйлөшмө, Сагымбайдын «Манасын» сактап калган Ыбырайым Абдырахманов, «Макал-Лакаптар», «Дил Мүрөк», Кенже балдар үчүн: «Көп билүүгө дилгирмин», «Каармандар өз досторун чакырат Герои приглашают своих друзей».

3. А. Кубанычбеков «Бир Күн», аудио китеп.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *