Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында KyrMedu долбоорунун алкагында түзүлгөн «Биомедициналык лабораториянын» ачылышына Нарын университетинин өкүлдөрү катышты

2018-жылдын 25-майында И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Европа Биримдигинин Эразмус Плюс программасынын «Кыргызстандагы саламаттыкты сактоонун менеджменти жана биомедициналык инженерия багытындагы жогорку билимди өнүктүрүү» (KyrMedu) долбоорунун алкагында түзүлгөн «Биомедициналык лабораториянын» салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна жана KyrMedu долбоорунун НМУдагы координатору, «Агрардык-техникалык дисциплиналар» кафедрасынын доценти Байбагышов Эрмек Муратканович катышты. Өнөктөш-университеттердин ортосундагы «Биомедициналык лабораторияны» биргелешип колдонуу тууралуу келишимге кол коюлду. Иш-чара тегерек столдогу талкуу менен коштолду. Тегерек столдо «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдү келечекте иш менен камсыз кылуу маселеси ж.б. маанилүү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында, бул багытта ЖОЖдор менен мамлекеттик жана менчик медициналык ишканалардын өз ара тыгыз кызматташуусу зарыл экендиги өзгөчө белгиленди.

Эскерте кетсек, учурда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Саламаттыкты сактоодогу информатика» адистиги боюнча 10 студент билим алууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *