НМУнун окутуучулары жана студенттери Казакстанда

2018-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин ага окутуучусу Мамбеталиев Жолдошбек Тезекбаевич, окутуучу Омуров Айбек Нарынбекович. студенттер Ишенбеков Самат, Курманбек уулу Көчөрбай, Токтобеков Мирлан Алматы шаарындагы Абай атындагы улуттук педагогикалык университетинин астындагы искусство, маданият жана спорт институтунда болуп кайтышты. Баргандар институттагы искусствонун бардык багыттарында жасалгаланган окуу өнөрканаларын көрүп, анда окуп жаткан студенттердин чыгармачылык менен аткарган курстук жана квалификациялык иштери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле, экскурсиядан кийин НМУнун окутуучулары окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулары менен жолгугуп, искусство багытында окуп жаткан студенттерге билим берүү боюнча тажрыйба алмашуу максатын ишке ашырышты. Жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлдү.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *