2 мая, 2026

Дүйнөнү тааныгың келсе- тил үйрөн.

Филология факультети 1999-жылы уюшулган. Филология факультетинин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, араб тили, корей тили, кытай тили боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды. Азыркы күндө Нарын облусунун бардык мектептеринде факультеттин бүтүрүүчүлөрү - кыргыз тилчи, англис тилчи, орус тилчи адистер эмгектенишет.

Бүгүнкү күндө факультеттин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынынбилим берүү мекемелеринде, массалык маалымдоо каражаттарында, басмаканаларда жана өлкөбүздөгү түрдүү эл аралык уюмдарда эмгектенишет. Бул болсо факультет эл чарбасына керектүү, заманга ылайык кадрларды даярдап жатканын күбөлөндүрөт.

Факультет Кыргыз Республикасынын алдыңкы илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз билим берүү академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Х. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз-түрк Манас университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университети; чет элдик жогорку окуу жайлар: Түркиянын Гедиз мамлекеттик университети, Ялова университети, Синоп мамлекеттик университети, Түштүк Кореянын Сан-Лин колледжи, Кытай Эл Республикасынын Синцзянь педагогикалык университети, Германиянын Вайенштефан университети, Тюнен институту, Берлин эркин университети, Роберт Бош атындагы фондусу менен илимий-практикалык кызматташтык жүргүзөт.

Факультеттин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, араб тили, корей тили, кытай тили боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды.

Филология факультети 1999-жылы уюшулган. Филология факультетинин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, араб тили, корей тили, кытай тили боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды. Азыркы күндө Нарын облусунун бардык мектептеринде факультеттин бүтүрүүчүлөрү - кыргыз тилчи, англис тилчи, орус тилчи адистер эмгектенишет.

Бүгүнкү күндө факультеттин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынынбилим берүү мекемелеринде, массалык маалымдоо каражаттарында, басмаканаларда жана өлкөбүздөгү түрдүү эл аралык уюмдарда эмгектенишет. Бул болсо факультет эл чарбасына керектүү, заманга ылайык кадрларды даярдап жатканын күбөлөндүрөт.

Факультетте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында жаңы окуу пландар, силлабустар жана окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгат. Сабактарда заманбап окутуу ыкмалары, интерактивдүү технологиялар колдонулат.

Окутуучулар жана студенттер тил илими, адабият, журналистика жана котормо таануу багыттарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Илимий конференцияларга, семинарларга, олимпиадаларга активдүү катышышат.

Факультет чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен кызматташып, академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу, тилдик практика жана стажировка программаларын уюштурат.

Студенттер маданий иш-чараларга, дебаттарга, поэзия кечелерине, театрлаштырылган оюн-зоокторго, интеллектуалдык таймаштарга жана спорттук мелдештерге активдүү катышышат.

Факультет мектептер, ЖОЖдор, маалымат каражаттары, басмаканалар, котормо борборлору жана мамлекеттик мекемелер менен тыгыз иш алып барат. Студенттер практика өтүп, келечекте жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Факультетте ачык сабактар, мастер-класстар, тегерек столдор, конференциялар, адабий кечелер, жолугушуулар жана кесиптик багыт берүү иш-чаралары өткөрүлөт.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!