Студенттерге Г. Мамбеталиева атындагы стипендия тапшырылды

2018-жылдын 22-январында Нарын мамлекеттик университетинде «Дордой» ассоциациясынын өкүлү болду. Ал окууда ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге Г. Мамбеталиева атындагы стипендиянын сертификатын тапшырды. Быйылкы окуу жылынын башында аталган фонддун талабына ылайык университетибиздин 8 студенти өз документтерин тапшырып, анын ичинен филология факультетинин 3-курсунун студенти Г. Тукешова жана педагогика факультетининин 4-курсунун студенти Бакытбекова Айчолпон татыктуу деп табылган. Стипендия бир окуу жыл бою ай сайын 3000сом өлчөмүндө фонд тарабынан төлөнүп турмакчы. Иш-чаранын катышуучулары Г. Мамбеталиеванын илимге, билимге зор салым кошкондугун жана НМУда жигердүү иштегендигин баса белгилешип, фондго ыраазычылыктарын билдиришти.

Сүрөттөр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *