Борбордук Азия Университетине ишсапар

2017-жылдын 4-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги Борбордук Азия Университетинде ишсапар менен болуп кайтты. Ишсапар учурунда Борбордук Азия Университетинин Гуманитардык жана так илимдер мектебинин деканы Диана Пауна, аталган мектептин деканынын орунбасары Бернадет Дин жана студенттердин иштери боюнча менеджер Эрик Краус менен жолугушуу өткөрүлүп, эки университеттин ортосундагы кызматташтыктын багыттары кеңири талкууланды. Эскерте кетсек, бул жолугушуу эки жогорку окуу жайдын кызматташтыгынын келечеги жөнүндө экинчи жолку жолугушуу болуп саналат. Биринчи жолугушуу 2017-жылдын 1-мартында С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде болуп өткөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки университет бир катар маданий жана илимий иш-чараларды биргелешип өткөрүү жөнүндө макулдашылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *