Нарын аймактык көп тармактуу институтунда «Санариптик өндүрүш: идеядан даяр прототипке чейин» аттуу конок лекциясы өтүүдө
2026-жылдын 24−26-сентябрь күндөрү Ж. Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда санариптик технологияларга арналган «Санариптик өндүрүш: идеядан даяр прототипке чейин» аттуу конок лекциясы жана мастер-класстар өткөрүлүүдө.
Иш-чара FabLab Бишкек жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КГТУ) өкүлдөрүнүн жана Чет тилдери жана компьютердик системаларды программалоо колледжинин катышуусунда уюштурулуп, IT жана санариптик багыттарда билим алып жаткан студенттердин заманбап технологиялар боюнча билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын расмий бөлүгү FabLab Бишкектин директору Джу Серенанын кириш сөзү менен башталды. Ал студенттерге санариптик технологиялардын бүгүнкү күндөгү мааниси, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана заманбап лабораториялык чөйрөдө билим алуунун артыкчылыктары тууралуу айтып өттү.
Иш-чаранын программасы
Конок лекциянын алкагында студенттер үчүн бир катар лекциялар жана практикалык мастер-класстар уюштурулду:
- «Санариптик өндүрүш: идеядан даяр прототипке чейин» аттуу конок лекциясы. Лекцияны FabLab Бишкектин өкүлдөрү өткөрүп, санариптик өндүрүштүн негиздери, идеяны иштеп чыгуу, технологиялык чечимдерди тандоо жана даяр прототип жаратуу процесси тууралуу маалымат беришти.
- Робототехника боюнча мастер-класс. Мастер-классты Болотбек уулу А. өткөрүп, студенттерге робототехниканын негиздери, роботторду түзүү жана башкаруу боюнча практикалык маалыматтарды сунуштады.
- Гравировкалоо жана лазердик кесүү боюнча мастер-класс. 2D жана 3D моделдөө. Мастер-классты Торобек уулу Шабдан өткөрүп, катышуучуларды гравировкалоо жана лазердик кесүү технологиялары, ошондой эле 2D жана 3D моделдөө мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
Студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер санариптик өндүрүштүн заманбап багыттары менен таанышып гана тим болбостон, практикалык иштерге катышып, өз идеяларын реалдуу прототипке айландыруунун жолдорун үйрөнүүдө.
Мындай иш-чаралар студенттердин санариптик сабаттуулугун, чыгармачылык жана инженердик ой жүгүртүүсүн, ошондой эле жаңы технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында тажрыйба алмашуу, инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү жана келечектеги кызматташуу багыттары боюнча пикир алышуулар жүргүзүлүүдө.
