МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ — УЛУТТУК АҢ-СЕЗИМДИН ЖАНА РУХАНИЙ МУРАСТЫН НЕГИЗИ
23-сентябрь 2026-жылы Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Мамлекеттик тил — улуттук аң-сезимдин, руханий мурастын жана коомдук биримдиктин негизи» аттуу салтанттуу иш-чара өткөрүлдү.
23-сентябрь — Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген тарыхый күн. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алган.
Иш-чарада эне тилдин улуттук аң-сезимдеги орду, кыргыз тилинин руханий мурас катары мааниси жана мамлекеттик тилдин коомдогу ролу тууралуу баяндамалар жасалды.
Мындан тышкары, Педагогика жана филология факультетинин К-24 группасынын студенти Нургазы кызы Сезим «Мамлекеттик тил — өлкөнүн келечеги» аттуу баяндамасын окуп, мамлекеттик тилдин коомдогу орду, анын келечек муунду тарбиялоодогу жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү мааниси тууралуу өз оюн билдирди.
Тарых илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Эсеналиева Гүлжамал Өмүракуновна «Сатыбалды Нааматов: анын өмүрү жана кыргыз тарыхындагы ролу» деген темада баяндама жасап, агартуучунун өмүр жолу, эмгеги жана кыргыз коомунун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз тилине арналган көркөм чыгармаларды окуп, катышуучулар «Кыргыз тилин канчалык билебиз?» аттуу викторинага катышты.
