НАРЫНДА ОРГАНИКАЛЫК АЙЫЛ ЧАРБАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАСЫМ ЖАСАЛУУДА
18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
11-февралындагы № 40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Нарын облусунда Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө арналган конференция өтүлдү.
Иш-чара «Нарын — Кыргызстандын органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн аймактык модели» темасында уюштурулуп, анда Нарын облусунда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, органикалык өндүрүштү кеңейтүү жана аймакты органикалык айыл чарба багытында өнүктүрүүнүн келечеги боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө Ж. Баласагын атындагы КУУнун С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактууу институтунун Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Мамырбаев Адилет Кылычбекович «Нарын облусунда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүдө илимдин орду» темасында баяндама жасап, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүдө илимий ыкмалардын жана билим берүүнүн маанисине токтолду.
Иш-чаранын алкагында ошондой эле Нарын облусун органикалык аймакка айландыруу боюнча алдыдагы милдеттер, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланып, 2026−2030-жылдарга карата тиешелүү иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү маселелери каралды.
Конференциянын соңунда Нарын облусунда өндүрүлгөн органикалык айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулду.Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү — экологиялык жактан коопсуз өндүрүштү калыптандыруу, айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк маалымат үчүн:
