








2026-жылдын 3−4 июнунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунда сырттан окуу формасында билим алган чет өлкөлүк студенттер мамлекеттик аттестациялык экзамен тапшырууда.
Студенттердин ичинен 27си Экономика факультетинин, 6сы Педагогика факультетинин жана 5и Филология факультетинин студенттери болуп саналат.
Мамлекеттик экзаменден сырткары, студенттер үчүн институттун окуу корпустары боюнча тааныштыруу экскурсиялары уюштурулду. Ошондой эле Нарын шаары боюнча экскурсия өткөрүлүп, студенттер шаардын тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.
С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, алган билимдери келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө бекем негиз болуп берерине ишеним билдирет.
