Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине иш сапары

2023-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министри Каныбек Иманалиев С. Нааматов атындагы Нарын
мамлекеттик университетине жана НМУнун алдындагы агрардык-
экономикалык-техникалык колледжине, К. Мамбетакунов атындагы
педагогикалык колледжине барып, окутуучулар жана студенттер менен
жолугушту. Жолугушуунун алкагында университеттин борборлору,
Агрардык техникалык экономикалык колледжинин Азия өнүктүрүү
банкынын долбоору менен каржыланган окуу өндүрүштүк комплекси менен
таанышып, ветеринардык клиника жана айыл чарба продукциясын кайра
иштетүү адистери менен баарлашты, студенттердин масстер классына күбө
болду. Ошондой эле Ж. Саалаев атындагы илимий китепканада студенттерге
лекция окуду. Анда глобалдык жылуулук, жашыл экономика,
санариптештирүү, жасалма интеллект жана келечектин кесиптери боюнча
кенен маалымат берип, суроо талапка ээ болгон жаңы кесиптер пайда болуп
жаткандыгын баса белгиледи, студенттердин бир катар суроолоруна жооп
берди. Ошондой эле университеттин башкы корпусунда уюштурулган Нарын
жергесинде өндүрүлгөн жана сатыкка даярдалган жаңы азыктары,
кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук тамак-аш азыктары коюлган атайын
«Нарвард дүкөнүн» ачуу аземине катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *