Улуу жеңиштин 78 жылдыгына арналган студенттер арасында аскердик эстафета

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде
Экономика жана табигый-гуманитардык илимдер факультети тарабынан уюштурулган Улуу
жеңиштин 78 жылдыгына арналган студенттер арасында аскердик эстафета өткөрүлдү. Иш чарага
НМУ, НАТЭК жана НПК колледждеринин студенттери катышышты. Эстафетанын жүрүшүндө
автомат АК-74 куралын жана ПМ-9 пистолетин чачып чогултуу, пневматика куралы менен ок
атуу, жарандык коргоодо ОЗК менен противогаз кийип чечүү жана спорттук гранатасын
алыстыкка ыргытуу боюнча мелдештер өттү. Иш чаранын жыйынтыгында артыкчылык көрсөткөн
студенттер грамоталар менен сыйланышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *