Конституция мамлекетибиздин баш мыйзамы

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы
илимий китепканасынын № 1,2 окуу залдарында КРнын Конституциясынын кабыл
алынгандыгынын 30 жылдыгына карата студенттер менен тегерек-стол маектери өттү.
Маектерге Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги Х. А. Шералиев,
КРнын акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укутуу өкүлү Н. Т. Андабеков
катышып, Конституциянын маани-мазмуну туурасында кеӊири маалыматтарды беришти.
Студенттер өздөрүн кызыктырган бир катар суроолоррго жоопторду алышты.
Китепкананын директору Г. А. Кыдыралиева маектин негизги максаты студенттерге
КРнын Конституциясы боюнча терең маалымат берүү менен, жаштарды мекенчилдикке
тарбиялоо экендигин баса белгилеп айтты. НМУнун ректору Э. М. Байбагышов, илим
жана өнүктүрүү боюнча проректор А. С. Жантаев да куттуктоолорун билдирип,
студенттерге ар бир адам өзүнүн укуктары менен катар милдеттерин да так билип,
аткарыш керек деген ойлорун ортого салышты Конституция боюнча көрмө-ролик
көрсөтүлүп, суроо-жооп викторинасы уюштурулду. Жеңүүчүлөргө китепканачылар
тарабынан белектер ыйгарылды. НМУнун жетекчилиги тарабынан келген меймандарга
ыраазычылык билдирилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *