Агрардык жана техникалык факультетинин окутуучулары Латвия айыл-чарба университетинде

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык жана техникалык
факультетинин алты окутуучусу Латвия айыл-чарба университетинде Эрасмус+ АгроДев
долбоорунун алкагында кесиптик билимин жогорулатышты. Иш сапар учурунда, айыл-чарба
азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү багытында лекциялар, лабараториялык иштер жана
мастер класстар өтүлдү. Жыйынтыгында ар бир мамлекеттин өкүлдөрү улуттук тамак-аштардын
жазалуу технологиялары боюнча мастер класс көргөзүштү. НМУнун атынан «Ун азыктарын кайра
иштетүү» предметине байланыштуу окутуучу Ажыбаева Айсалкын кыргыздын улуттук тамак-
ашынын бири «Боорсок» жасоо технологиясын көрсөтүп берди. Ошондой эле Өзбекстандан
келген делегаттар Латвия университетинин окутуучулары улуттук «Скландраусис» нанын
жасашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *