Факультетте адистиктер үчүн лабораториялар абдан чоӊ мааниге ээ, анткени техникадагы көп процесстерди эксперименттик изилдөөлөр аркылуу кана тереӊ түшүнүүгө болот. Практикалык жана лабораториялык сабактарды өтүүгө атайын лабораториялар жасалгаланган: Релелик коргоо, Электр энергиясын өндүрүү, Электр машинелери жана аппараттары, Традициялык эмес энергия булактары, Изоляция жана ашык чыӊалуу, Электротехника, Ченөө жана информациялык техника, Энергетикалык электроника, Автомобилдердин конструкциясы, Механика, Жол кыймылын уюштуруу үчүн техникалык каражаттар, Жол кыймылынын эрежеси, Автомобиль жолдору, «Молекулярдык физика», «Оптика», «Механика», «Микробиология», «Сүттүн жана эттин биохимиясы», «Суу менен камсыз кылуу», «Агрохимия жана топурак таануу», 2 компьютердик класс, 3 проектор менен жабдылган конференц зал.
Факультеттеги электроэнергетика багытындагы физика-математика илимдеринин кандидаты, КР ИА мүчө корреспонденти, доцент О. Абдылдаевдин эмгеги зор. Кыргыз тилинде О.Т. Абдылдаевдин төмөндөгү окуу китептерди окуу процессинде кенири колдонууда:
- Электротехниканын назарияттык негиздери. Электр тизмектери (1-бөлүк).
- Электротехниканын назарияттык негиздери. II-III-бөлүктөр.
- Жалпы электроника.
- Физика «Электромагнетизм».
- Физикалык электроника жана микроэлектроника.
- Электротехниканын теориялык негиздери (2-чи басылышы)
- Физика «Электромагнетизм» (2-чи басылышы).
- Физика-техника илимдери боюнча кыргызча-орусча атоолор сөздүгү