14 мая, 2026

Окуу башкармалыгы (мындан ары — ОБ) Университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. ОБ негизги максаты — Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021−2040-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясына ылайык Университетте кредиттик технологиянын негизинде окуу процессин эффективдүү пландаштыруу, уюштуруу, башкаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ болуп саналат.

Окуу башкармалыгынын иш багыттары: Окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ; Билим берүү процессин жөнгө салуучу ченемдик документтерди өркүндөтүү; Университеттин негизги окуу документтеринин негизинде кафедралардын өз ара аракеттенүүсү; Университеттеги билим берүү программаларынын аткарылышы жана окуу процесси боюнча отчетторду түзүү; профессордук-окутуучулук курамдын окуу планынын жана иш жүгүнүн иш жүзүндө аткарышын көзөмөлдөө; факультеттердин, кафедралардын жана айрым окутуучулардын окуу жана окуу-методикалык иштерин талдоо, натыйжаларын жалпылоо жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу; окуу процессин башкаруу боюнча ректораттын чечимдерин даярдоо үчүн маалыматтарды талдоо, жалпылоо; окуу процессинин жүрүшүнө, экзамендик сессиялардын жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарына талдоо жүргүзүү.

Окуу башкармалыгынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: Негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча окуу иштерди лицензиялык жана ченемдик талаптарга ылайык уюштуруу; Адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, заманбап талаптарга ылайык окуу процессин модернизациялоо, Университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында университеттин кафедраларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу; Окуу процессин камсыз кылуу боюнча Университеттин факультеттеринин, кафедраларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо; Окуу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, окуу-методикалык документтерди өркүндөтүү; Университеттин окуу процессине инновациялык билим берүү технологияларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү демилгелөө, билим берүү ишинин сапатын жогорулатууну камсыз кылуу.

ОКУУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТҮЗҮМҮ Окуу башкармалыгынын курмына төмөнкүлөр кирет: — Окуу бөлүмү (башчысы, бүтүрүүчүлѳр боюнча адис, практика жана карьера боюнча адис, офис-регистратор, лицензия жана аккредитация боюнча адис, инспектор);- Студенттик кадрлар бѳлүмү (башчысы, адис).

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!