Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова иш сапарынын алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы институтуна келди.

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова иш сапарынын алкагында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы институтуна келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Иш сапарынын жүрүшүндө министр институттагы билим берүү процесси менен таанышып, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушту. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Ошондой эле Г. Исаматова студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга көңүл буруп, мекеменин жалпы иши менен жеринен таанышып чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *