








Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында 2026-жылдын 28−30-май күндөрү «Central Asia GIS Conference — GISCA 2026» эл аралык илимий конференциясы өткөрүлдү. Конференциянын негизги темасы «Geospatial Intelligence for a Digital Earth» болуп, геоинформатикалык системалар жана картография тармагындагы заманбап илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын комплекстүү талдоо, илимпоздор жана окутуучулар ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түзүү жана эл аралык илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү болуп саналды.
Иш-чара офлайн форматта уюштурулуп, катышуучулар илимий доклад жасашып, секциялык жыйындарда жана тегерек стол талкууларында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышышты. Конференциянын иши англис жана орус тилдеринде жүргүзүлүп, илимий дискуссияларга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
GISCA 2026 конференциясы эл аралык статусун эске алуу менен Өзбекстандан тышкары Австриянын Зальцбург (Salzburg) университети, Eurasia-Pacific UNINET, Esri, Leica Geosystems сыяктуу чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын жана алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн бириктирди. Кыргыз Республикасынан аталган илимий форумга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун илим-изилдөөчү окутуучулары катышты.
Конференциянын алкагында аталган окуу жайлардын өкүлдөрү «Analysis of Water Resource Use and River Flow Dynamics in Naryn Region under Climate Change Conditions» «Климаттын өзгөрүү шартында Нарын облусундагы суу ресурстарын пайдаланууну жана дарыя агымынын динамикасын талдоо» темасындагы илимий изилдөөнүн жыйынтыгын постер түрүндө көрсөтүштү. Постерди Техникалык, агрардык жана экологиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Олжобаева Тинатин Муталиповна баяндады.
Изилдөөнүн максаты Нарын облусунун гидрографиялык тармагынын абалын жана климаттын глобалдык өзгөрүү шартында суу ресурстарынын динамикасын 2021−2025 жылдар аралыгында илимий талдоо болуп саналат. Негизги милдет катары климаттык факторлордун дарыялардын агымына тийгизген таасирин баалоо аныкталган.
Изилдөө Нарын облусунун суу ресурстары үчүн маанилүү болгон Он-Арча дарыясынын бассейнине жана Куртка менен Терек дарыяларынын бассейндерине багытталган. Алынган маалыматтар боюнча дарыялардан суу алуунун пландык көрсөткүчтөрү менен иш жүзүндө алынган суунун көлөмү салыштырылып, ишке ашыруу пайызы анализденди.
GISCA 2026 конференциясы катышуучулар үчүн илимий изилдөөлөрдү жайылтуу, жаңы идеяларды талкуулоо жана келечектеги кызматташтыктын багыттарын аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду.
Авторлор: Олжобаева Тинатин Муталиповна — окутуучу, Айыпов Барчынбек Карыбекович — окутуучу, Байбагышов Эрмек Муратканович — айыл чарба илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу, Назаркулова Айнура Болоталиевна — география илимдеринин доктору, улук илимий кызматкер, Зальцбург университети, Австрия.
