



Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин С. Нааматов атындагы регионалдык көп тармактуу институтунун студенттерине Эсимде изилдөө аянтчасынын изилдөөчүсү Гулзат Алагоз кызы «Үй-бүлөмдүн тарыхын изилдөөгө кантип киришем?» деген темада кызыктуу лекция окуп берди.
Гулзат Алагоз кызы ар бир адам өзүнүн түпкү тамырын билүүсү зарыл экенин белгиледи. Изилдөөчү студенттерге санарип архивдерди, онлайн платформаларды колдонуу жолдорун көрсөттү. Бул лекция студенттерге өз тамырын изилдөөнүн практикалык жолдорун гана эмес, руханий баалуулуктарды сактоонун маанисин да түшүндүрдү.
Үй-бүлө тарыхын билүү — өздүк иденттүүлүктү бекемдөөнүн жана коомдук биримдикти чыңдоонун жолдорунун бири.