10.07.2026

Окуу башкармалыгы

Окуу башкармалыгынын башчысы

Усубалиева Жылдыз Жекиновна

Окуу башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан берилген лицензиянын негизинде, билим берүү программаларын ишке ашыруу (реализация) боюнча окуу процессин уюштурууну жана башкарууну камсыздоо боюнча НМУнун структуралык бөлүмү болуп эсептелет.

Окуу башкармалыгы НМУдагы структуралык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында 2008-жылы уюшулган. Уюшулгандан бери окуу башкармалыгын биология илимдеринин кандидаты Т. Атанаев, филология илимдеринин кандидаты А. Чолпонбаев, техника илимдеринин кандидаты К. Дюшекеев жана педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Д.М. Ажыбаев жетектеп келишкен. Азыркы учурда окуу башкармалыгын Усубалиева Жылдыз Жекиновна жетектейт.

Окуу башкармалыгынын негизги максаттары катары окуу процессин салттык жана кредиттик технологиянын негизинде окуу процесин уюштуруу, аны координациялоо жана факультеттердин, кафедралардын окуу ишмердүүлүгүн эффективдүү уюштурулушун көзөмөлдөө болуп эсептелет. Бөлүм төмөндөгүдөй багыттар боюнча иштерди алып барат:

окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу жана камсыздоо;

окуу процессин пландоо, уюштуруу, контролдоо жана анализдөө;

кафедралар, факультеттер менен биргеликте окуу пландарын, окуу процессин уюштуруу боюнча нормативдик документтерди иштеп чыгуу;

окуу процесси жана билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча отчетторду түзүү;

университеттин профессордук-окутуучулук курамынын окуу жүктөмдөрүн пландоону жана алардын факт жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөө;

факультет, кафедралар менен биргеликте студенттердин жетишүүсүн каттоо жана анализдөө, мониторинг жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу;

маалыматтык технологияларды окуу процессине киргизүү;

студенттердин кыймылына байланышкан документтерди өз убагында жана туура түзүү;

билим берүү программалары боюнча лицензия алуу, аттестациядан (аккредитация) өткөрүү боюнча документацияларды даярдоодогу иш аракеттерди уюштуруу

мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча керектүү документацияларды кафедра, факультеттер менен биргеликте даярдоо. Окуу башкармалыгы (мындан ары — ОБ) Университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. ОБ негизги максаты — Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021−2040-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясына ылайык Университетте кредиттик технологиянын негизинде окуу процессин эффективдүү пландаштыруу, уюштуруу, башкаруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ болуп саналат.Окуу башкармалыгынын иш багыттары: Окуу процессин пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлдөө. Билим берүү процессин жөнгө салуучу ченемдик документтерди өркүндөтүү; Университеттин негизги окуу документтеринин негизинде кафедралардын өз ара аракеттенүүсү; Университеттеги билим берүү программаларынын аткарылышы жана окуу процесси боюнча отчетторду түзүү; профессордук-окутуучулук курамдын окуу планынын жана иш жүгүнүн иш жүзүндө аткарышын көзөмөлдөө; факультеттердин, кафедралардын жана айрым окутуучулардын окуу жана окуу-методикалык иштерин талдоо, натыйжаларын жалпылоо жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу; окуу процессин башкаруу боюнча ректораттын чечимдерин даярдоо үчүн маалыматтарды талдоо, жалпылоо; окуу процессинин жүрүшүнө, экзамендик сессиялардын жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыктарына талдоо жүргүзүү.Окуу башкармалыгынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: Негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча окуу иштерди лицензиялык жана ченемдик талаптарга ылайык уюштуруу; Адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу, заманбап талаптарга ылайык окуу процессин модернизациялоо, Университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында университеттин кафедраларынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу; Окуу процессин камсыз кылуу боюнча Университеттин факультеттеринин, кафедраларынын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо; Окуу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук, окуу-методикалык документтерди өркүндөтүү;Университеттин окуу процессине инновациялык билим берүү технологияларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү демилгелөө, билим берүү ишинин сапатын жогорулатууну камсыз кылуу.

Окуу башкармалыгынын курмына төмөнкүлөр кирет:

— Окуу бөлүмү (башчысы, бүтүрүүчүлѳр боюнча адис, практика жана карьера боюнча адис, офис-регистратор, лицензия жана аккредитация боюнча адис, инспектор);

— Студенттик кадрлар бѳлүмү (башчысы, адис).

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!