




Ж.Баласагын атындагы КУУнин С. Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институтунун педагогика факультетинин студенттери үчүн К. Тыныстанов атындагы университеттин математика жана колдонмо математика кафедрасынын доценти, п.и.к. Джапарова Салтанат Нургожоевна «Билим берүүдөгү жасалма интеллект» темасында, ал эми ошол эле кафедранын окутуучулары Макеева Суйумкан, Жанара Кооманова «STEAM технологиялары окутууда» темасында конок лекция өтүштү.
Лекциянын жүрүшүндө жасалма интеллекттин билим берүү тармагындагы орду, анын кеңири мүмкүнчүлүктөрү жана заманбап окутуу процессинде натыйжалуу колдонулушу тууралуу мазмундуу маалыматтар берилди. Ошондой эле STEAM технологияларынын мааниси ачылып, ал студенттердин чыгармачылык, сынчыл жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдөгү ролу өзгөчө баса белгиленди.
Конок лекторлор сабакты интерактивдүү форматта өткөрүп, студенттер менен активдүү пикир алышты. Практикалык мисалдар көрсөтүлүп, заманбап билим берүү ыкмалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алып, жаңы билимдерге ээ болушту.
Мазмуундуу лекция окуп берген окумуштууларга терен ыраазычылык билдиребиз! Иштериниздерге ийгилик каалайбыз!