Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү

10-март Ж. Саалаев атындагы НМУнун илимий китепканасында Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү келип,"3.2.1-Старт!" программасы менен С. Нааматов атындагы НМУнун студенттерине маалымат беришти. Өзүн жана коомун өнүктүрүүгө унтулган жаштарды колдоо максатында, өлкөбүздүн экология жана климат көйгөйлөрүнүн чечүүгө, ийгиликтүү идеяларынын ишке ашырууга жардам берип, долбоорго катышкан студенттерди колдоорун айтышты. Долбоорго катышуу менен студенттер, батыш бизнес мектептеринин формасындагы Bootcamp «Green Business Academy» лагеринде окууга, эксперттер жана менторлор менен бирге: бизнес пландоо, социалдык ишкердик, маркетинг, брендинг, жашыл экономика багыттары боюнча билимдерин өркүндөтө алышмакчы. Ошондой эле грант утуп алып, бизнес — долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.