Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын аймактык көп тармактуу институту

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!

Кафедрага тиешелүү борборлор:

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы 1996-жылы сентябрь айында уюштурулган. Ал кезде тилдер кафедрасы деп аталып, университеттеги негизги кафедралардын бири болуп кайра түзүлгөн. Андан бери бир нече жолу кайра түзүлүп, ар башка аталыштарды алып иштеп келген. Кийинчерээк бул кафедрадан: «Кыргыз адабияты жана окутуунун методикасы, англис тили жана адабияты, орус тили жана адабияты» кафедралары өз алдынча кафедралар болуп бөлүнүп чыкты. 2006−2007-окуу жылынан баштап «Кыргыз адабияты жана аны окутуунун методикасы, кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы» кафедралары биригип, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы түзүлгөн. 2009−2010- окуу жылында «Орус тили жана адабияты» кафедрасы кошулуп, тилдик дисциплиналар кафедрасы деп аталган.

Кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Арыпбекова Дария Жеңишбековна

Даярдоонун багыты:550 300 Филологиялык билим берүү

Профиль: Кыргыз тили жана адабияты

Окуунун формасы: күндүзгү-4жыл, сырттан -5 жыл.

Адистикке тапшыруу талаптар: ЖРТнын жыйынтыгы күндүзгү бɵлʏм ʏчʏн 130 балл, сырттан 110 балл.

Контрактык негизде окууга төлөм:

Күндүзгү окуу формасы: 33 000 сомдон жогору ,

Сырттан окуу формасы: 34 000 сомдон жогору

Аккредидация: 2025 жылга чейин

Бюджеттик орун: 10 орун

Перспективасы: технологиялык каражаттарды пайдалануу менен кафедрадагы кыска мɵɵнɵттɵгʏ курстарды кошумча окуп, сертификаттарга ээ боло алышат.

Кайсыл уюмдарда иштөө мүмкүнчүлүгү бар: билим берүү мекемелеринде (мектеп, лицей билим берүү мекемелеринин бардык баскычтарында), илимий изилдөө институттары

Кошумча маалымат алуу: кафедра башчысы к.п.н., доцент Арыпбекова Дария Джеңишбековна

+996 701 424 848

Даярдоонун багыты:550 300 Филологиялык билим берүү

Профиль: Орус тили жана адабияты

Окуунун формасы: күндүзгү-4жыл, сырттан -5 жыл.

Адистикке тапшыруу талаптар: ЖРТнын жыйынтыгы күндүзгү бɵлʏм ʏчʏн 130 балл, сырттан 110 балл.

Контрактык негизде окууга төлөм:

Күндүзгү окуу формасы: 33 000 сомдон жогору ,

Сырттан окуу формасы: 34 000 сомдон жогору

Аккредидация: 2025 жылга чейин

Бюджеттик орун: 10 орун

Перспективасы: технологиялык каражаттарды пайдалануу менен кафедрадагы кыска мɵɵнɵттɵгʏ курстарды кошумча окуп, сертификаттарга ээ боло алышат.

Кайсыл уюмдарда иштөө мүмкүнчүлүгү бар: билим берүү мекемелеринде (мектеп, лицей билим берүү мекемелеринин бардык баскычтарында), илимий изилдөө институттары

Кошумча маалымат алуу: кафедра башчысы к.п.н., доцент Арыпбекова Дария Джеңишбековна

+996 701 424 848

Даярдоонун багыты:570 027 Адабий чыгармачылык

Профиль: Адабий чыгармачылык

Окуунун формасы: күндүзгү -5 жыл.

Адабий чыгармачылык адистигине тапшыруу ʏчʏн ЖРТ жыйынтыгы талап кылынбайт., дилбаян, тесттин негизинде кабыл алынат.

Контрактык негизде окууга төлөм:

Күндүзгү окуу формасы: 33 000 сомдон жогору

Аккредидация: 2025 жылга чейин

Перспективасы: технологиялык каражаттарды пайдалануу менен кафедрадагы кыска мɵɵнɵттɵгʏ курстарды кошумча окуп, сертификаттарга ээ боло алышат.

Кайсыл уюмдарда иштөө мүмкүнчүлүгү бар: теле берүүлөрдө мекемелеринде (мектеп, лицей билим берүү мекемелеринин бардык баскычтарында), илимий изилдөө институттары

Кошумча маалымат алуу: кафедра башчысы к.п.н., доцент Арыпбекова Дария Джеңишбековна

+996 701 424 848

С. Нааматов атындагы НМУнун жана Түркия Республикасынын өкмөт башчылыгына караштуу Түрк кызматташтыгы координациялоо агенттигинин демилгеси менен 2006-жылдын ноябрь айында ачылган. ТИКА түрк тили жана маданияты борбору түрк жергеси, эли, маданияты жөнүндө маалымат берген ар кыл иш чараларды жүргүзүлүп келүү менен бирге Кыргызстандын расмий майрамдарын жигердүү өткөрүп келет. Борбордо окууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Борбордун кызматтары:

Түрк тилин акысыз үйрөтүү;

Ар жуманын ишемби күндөрү эркек балдар арасында футбол ойнотуу;

Ар жумада окуучуларга акысыз түрк кино тасмаларын көрсөтүү;

Студенттерди Түркиядагы университеттерге акысыз билим алууга жөнөтүү;

Түрк тилинде ырлар жана көркөм окуулар боюнча иш-чаралар өткөрүү;

Улуттук түрк бийлери ансамблин уюштуруу;

Түркияга Кыргызстандын баардык дубандарына жана Бишкек шаарына саякаттарды, пикниктерди уюштуу.

Усулкана 2018-жылдын 14-мартында ачылган. Филология илимдеринин доктору, профессор Таалай Токоевдин өздүк китепкана фондун үй-бүлөсү С. Нааматов атындагы НМУнун илимий китепканасына белек кылуунун негизинде уюштурулган. Окумуштуунун өздүк китепканасындагы 2000ге жакын илимий- теориялык жана көркөм адабияттарды студенттер курстук жана дипломдук иштерин аткарууда кенен пайдалана алышат. Ошондой эле адистикке тиешелүү сабактардан студенттер өз алдынча иштерин (СӨИлерин) даярдоодо усулканадагы адабияттарды каалаган убакка чейин колдоно алышат.