Нарынский кампус Кыргызского национального университета имени Жусупа Баласагына

Филология факультети

Дүйнөнү тааныгың келсе- тил үйрөн.

Таштанкулова Женишкүл Жээнчороевна

Факультеттин деканы; филология илимдеринин кандидаты

Филология факультети 1999-жылы уюшулган. Филология факультетинин билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү филология, журналистика жаатындагы адистерди даярдоого багытталган. Иштеп жаткан мезгилден бери кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, араб тили, корей тили, кытай тили боюнча көптөгөн кесипкөй адистерди даярдап чыгарды. Азыркы күндө Нарын облусунун бардык мектептеринде факультеттин бүтүрүүчүлөрү - кыргыз тилчи, англис тилчи, орус тилчи адистер эмгектенишет.

Бүгүнкү күндө факультеттин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Россия Федерациясынынбилим берүү мекемелеринде, массалык маалымдоо каражаттарында, басмаканаларда жана өлкөбүздөгү түрдүү эл аралык уюмдарда эмгектенишет. Бул болсо факультет эл чарбасына керектүү, заманга ылайык кадрларды даярдап жатканын күбөлөндүрөт.




Таштанкулова Женишкүл Жээнчороевна

Факультеттин деканы; филология илимдеринин кандидаты

Атасынын аты, аты: Таштанкулова Жеңишгүл Жээнчороевна

Персоналдык маалымат

Улуту — кыргыз

Туулган жылы 1971жыл, 9-май

Үу бүлөлүү, 2 баланын энеси

Билими: жогорку

1978−1988 ж. Ак-Талаа районунун Ломоносов орто мектеби

1989−1994 ж. К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети

2002−2005 ж. Нарын мамлекеттик университетинин аспирантура бөлүмү

2017 ж. 15-сентябрь КР Жогорку Аттестациялык комиссиянын чечими менен Педагогика илиминин кандидаты окумуштулук даража берилди

2025 ж. КР Жогорку Аттестациялык комиссиянын чечими менен Педагогика илиминин доцент наамы берилди

Иш тажрыйбасы

1994−2000жж Нарын областык мектеп-лицейде орус тили жана адабияты мугалими

2000−2001 жж. Педагогика жана психология кафедрасынын ага лаборанты

2001−2007 жж. Педагогика жана психология кафедрасынын окутуучусу

2007−2018 жж. Тилдер кафедрасынын ага окутуучусу

2019−2025жж кафедрада доценттин милдетин аткаруучу

2018жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин филология факультетинин деканы

2025 ж КР Жогорку Аттестациялык комиссиянын чечими менен Педагогика илиминин доцент наамы ыйгарылды

Эмгек стажы:

Жалпы 37 жыл, анын ичинен педагогикалык 32 жыл

Илимий диссертациянын темасы жана илимий жетекчи

«Обучение устному общению на русском языке студентов бакалавров на основе проектной технологии».

Илимий жетекчи п.и.д., профессор Ахметова Н.А.

Илимий ишмердүүлүктүн тажрыйбасы

30 ашык илимий макала, анын ичинен 9 макала РИНЦте жарык көргөн, 2 окуу-методикалык курал, 2 Автордук күбөлүк

Сыйлыктары

2005, 2008, 2014 жылдары С. Нааматов атындагы НМУнун Ардак грамотасы

2005 ж. Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамотасы

2011 ж. КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкмөтүнүн Ардак грамотасы

2014 ж. КР Аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы

2016 ж. КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы

2019 ж. КР Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси

Тилдик билим

Кыргыз тили, орус тили-эркин, англис тили сөздүк менен

Компьютердик билим

Windows XP, MS Word, Excel, Internet Explorer, Power Point

Факультет Кыргыз Республикасынын алдыңкы илимий мекемелери, жогорку окуу жайлары: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз билим берүү академиясы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Х. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз-түрк Манас университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы чыгыш университети; чет элдик жогорку окуу жайлар: Түркиянын Гедиз мамлекеттик университети, Ялова университети, Синоп мамлекеттик университети, Түштүк Кореянын Сан-Лин колледжи, Кытай Эл Республикасынын Синцзянь педагогикалык университети, Германиянын Вайенштефан университети, Тюнен институту, Берлин эркин университети, Роберт Бош атындагы фондусу менен илимий-практикалык кызматташтык жүргүзөт.