«Айлана-чөйрөнү коргоодо — жогорку билимдин ролу»

2023-жылдын 6-июнунда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде
«Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюмунун Кыргыз
Республикасындагы филиалынын демөөрчүлүгү менен 5-июнь Бүткүл дүйнөлүк айлана-
чөйрөнү коргоо күнүнө карата «Айлана-чөйрөнү коргоодо — жогорку билимдин ролу»
аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга
«Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU)» коомдук уюмунун Кыргыз
Республикасындагы филиалынын жетекчиси Т. Асыкулов, Кыргыз Республикасынын
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл,
Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Токталиев,
NABU-Кыргызстан уюмунун браконьерликке каршы күрөшкөн «Барс тобу» бөлүмүнүн
жетекчиси Ж. Султанов жана мониторинг жана илимий изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси
Ж. Сагындыков, экологиялык билим берүү жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн
жетекчиси Н. Атабаев жана эколог адис А. Казакбаевалар кызыктуу илимий
баяндамаларды жасашты. Баяндамалардан соӊ алардын мазмунуна байланыштуу кызуу
талкуу жүрүп, анда конференциянын катышуучулары:
абанын булганышы;
дарыялардын азыркы күндөгү абалы жана алардын шаарлардын саркынды суулары
менен булганышы;
токой экосистемасынын бузулушу;
шаардагы таштандыларды башкаруу;
шаарда мал багуу көйгөйүн чечүү;
климаттын өзгөрүшү жана ар түрдүүлүк маселелери боюнча кенен пикир алмашуу
жүргүзүштү.
Конференциянын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, андагы башкы пункт
Нарын облусунун жалпы калкынын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн иш-
чаралар планын түзүү жана аны аймактык мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга сунуштоо чечими болуп калды. Мындан
тышкары бардык деӊгээлдердеги билим берүү мекемелеринде айлана-чөйрөнү коргоо
жаатында иштеген мамлекеттик жана бейөкмөт мекеме-уюмдар менен биргелешкен
экологиялык жактан агартуу иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү зарылдыгы баса
көрсөтүлдү. Облустагы негизги жогорку окуу жайы катары С. Нааматов атындагы Нарын
мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы айлана-чойрөнү
коргоо, экологиялык сабаттуулук боюнча иш-чаралар планын, окуу-тренинг курстарынын
программаларын түзүүгө жардам көрсөтө турганы белгиленди. Азыр чоӊ көйгөйгө
айланган айлана-чөйрөнү коргоо ишмердигин, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо
милдетин коомдун бардык катмары биргелешип жапатырмак иштөө менен гана чечүүгө
болору, бул үчүн эл арасында тынымсыз түшүндүрүү иштери, керек болсо атайын
окутуулар жүрүп турушу керектиги айтылды.