DEFA

Европа Биримдигинин Эразмус+ программасы тарабынан каржыланып жаткан жаны долбоор «Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык автономиясын өнүктүрүү» (DEFA) деп аталып, долбоордо өнөктөш катары Нарын мамлекеттик университети дагы бар.

Долбоордун координатору И. Раззаков атындагы КМТУ болуп саналат.

Бул долбоор Кыргызстандагы университеттердин стратегиялык өнүгүүсүнүн максаттуу милдеттерине жооп берет, ЖОЖдорду өз алдынча каржылык башкаруу жагынан өзгөчө статус берүү болуп саналат.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Модель Магдебург (Германия) жана Флоренция (Италия) университеттеринин финансылык менеджментин изилдегенден кийин курулат.

DEFA долбоорунун максаттары:

• университеттин каржылык өз алдынча башкаруусунун жаңы системасын өнүктүрүү;

• системаны апробациялоо;

• финансылык автономияны кеңейтүү жана жогорулатуу.

DEFA долбоорунун алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын финансылык-экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуунун келечеги изилденет. Алар мыйзамдык жактан бекемделген моделди иштеп чыгышат, анын негизинде Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык ишмердүүлүгүндөгү ыйгарым укуктары аныкталат.

Долбоордун консорциумуна Кыргызстандын аймактарындагы 12 жогорку окуу жайлары, Италиядагы, Германиядагы эки эл аралык окуу жайлары жана Италиядагы бир коомдук уюм кирет.

Долбоордун алкагында төмөнкү иш чаралар өткөрүрүлүп келет:

Январь, 2023-жыл, Бишкек шаары

«Кыргызстандагы ЖОЖдордун каржылык автономиясын өнүктүрүү» долбоорунун башталгыч отуруму (DEFA)

Максаты:

Консорциум мүчөлөрүн жана DEFA долбоорунун өнөктөштөрүн тааныштыруу жана долбоордун максаттары, милдеттери жана күтүлгөн натыйжалары менен тааныштыруу, милдеттерди бөлүштүрүү, коммуникация планын, долбоордун иш пакеттерин талкуулоо жана бекитүү.

10.03.2023-ж — Маалымат күнү

Максаты: Академиялык коомчулукка, жарандык секторго жана башка кызыкдар тараптарга долбоордун максаттары, милдеттери жана күтүлгөн натыйжалары жөнүндө маалымат берүү

14.03.2023-ж. — Координациялык кеңешме

Максаты: жабдууларды сатып алуу, окуу сапарлары, өнөктөштүк келишимдери жана башка актуалдуу маселелер боюнча талкуулар.

Эске сала кетсек, DEFA долбоорунун максаты университеттин каржылык автономиясынын моделин иштеп чыгуу, аны тестирлөө жана кеңейтүү, ошондой эле финансы-экономикалык ишмердүүлүктө ЖОЖдордун потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

28.03.-03.04.2023-ж. — Фокус Группа

Максаты: фокус-группаларда финансылык башкаруу маселелерин талкуулоо.

26.06−30.06.2023-ж. — Магдебург универистетине (Германия) тажрыйба алмашуу боюнча иш сапар

Семинарга НМУнун башкы бухгалтери Турат Төлөгөнов катышты

Максаты: Магдебург университетинин финансылык автономиясынын өзгөчөлүктөрү, Отто-вон-Герике университетиндеги процесстерди башкаруу жана анын структуралык бөлүмдөрү менен тааныштыруу жана үйрөтүү

03.07−07.07.2023-ж. — Флоренция университетине (Италия) тажрыйба алмашуу боюнча иш сапар

Максаты: Флоренция университетинин финансылык жана башкаруучу автономиясынын өзгөчөлүктөрү, процесстерди башкаруу жана анын структуралык бөлүмдөрү менен тааныштыруу жана окутуу

16−17.09.2023-ж. — Бишкек шаары

«Сапатты камсыздоонун методологиясы ESGге ылайык» тренинг Бишкек шаарында Сапат боюнча тышкы эксперт CESIE, Италия эксперти Венера Омуралиева жана Махабат Карагулова тарабынан өткөрүлүп, ага НМУдан академиялык иштер боюнча проректору Н. Чоробаева менен Эл аралык байланыштар бөлүмүнунүн башчысы Орозобек кызы Жылдыз катышып келишти.

06.11−07.11−2023-ж. — Ош шаары

DEFA долбоорунун «Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык автономиясын өнүктүрүү» семинары өтүүдө, анын максаты каржылык потенциалын жогорулатуунун келечегин изилдөө болуп саналат.

Долбоордун өнөктөштөрү ЖОЖдордун каржылык автономиясын өнүктүрүү стратегияларын жана Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун каржылык автономиясынын моделин ишке ашыруу боюнча Жол картасын талкуулап, ОШМУнун тажрыйбасынын негизинде кадрларды тандоо жана кадрларды түзүү механизмдерин карап чыгышат, ошондой эле өнөктөш университеттердин отчеттору, DEFA долбоорунун биринчи жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана андан аркы иш-аракеттердин планы түзүлөт.

Семинарда НМУнун ректору Э.М.Байбагышов жана окуу иштер боюнча башчысы Г. Абдиловна катышып келишти.

ДЕФА долбоорунун жыйынтыктоочу сенминары 2025-жылдын куз айында Нарын мамлекеттик университеттинде болмокчу.

11.06.-15.06.2024 Каракол шаары, К. Тыныстанов атындагы Ыссык Кол университетети

Семинар өнөктөш университеттерге жана кызыкдар тараптарга долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берүүгө, аралык отчетту даярдоого байланышкан маселелерди талкуулоого багытталган. Магдебург университетинин профессорлору Отто фон Герике, Филипп Похлентс жана Мирко Стеккел «Технопарктын курулушу: долбоорду ишке ашырууну симуляциялоо» тренингин өткөрүштү, анда катышуучулар топтордо иштешип, өздөрүнүн моделин иштеп чыгышты.

Семинарга Otto-Von-Guericke-Universitaet — OVGU (Магдебург, Германия) жана Universita Degli Studi di Firenze — UNIFI (Флоренция, Италия) сыяктуу европалык өнөктөш университеттер, ошондой эле 1 коомдук уюм CESIE (Италия) жана жогорку окуу жайлары — Кыргызстандын өнөктөштөрү катышышты.