• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25

«Кесипке багыт берүү» тегерек столдо

11-февралда кызматташ уюмдардын «Кесипке багытоо боюнча аткарылган иштер жана 2020-жылга карата иш-пландарды аныктоо» темасында кезектеги отурум Нарын райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп өттү. Отурумга «Кесипке багыт берүү» долбоорунун пилоттук № 1 Токтогул атындагы, № 5 К. Жакыпов атындагы, № 7 М. Сыдыков атындагы, № 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептери, С. Нааматов атындагы НМУнун Илим бөлүмү жана Карьера борбору, […]

АТФ маалыматы

«ÖkoFlussPlan» кызматташтык долбоорунун алкагында С. Нааматов атындагы НМУ менен Германиянын Ингольштадт техникалык университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, Ингольштадт техникалык университетинин илимий изилдөөчүсү, аспирант Кедар Мехта ЭС-17, 16 жана ЭП-17, 16 тайпаларынын студенттерине EnergePlus, Polysun программалары боюнча 2 күндүк сабак өттү жана Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасында 2 энергетика багытында, 1 экология багытында илимий изилдөө (дипломдук) иштердин темалары боюнча талкуу болду. АТФ маалыматы

📣📣📣 Мугалимдерибиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

📣📣📣 Мугалимдерибиз үчүн сонун мүмкүнчүлүк! Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат 🔵 Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат. Программа «Жаш окутуучулар үчүн» деп аталат. ❗️Талаптар: ✅ 35 жаштан жогору эмес;✅ жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйба. 🔵 Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат. […]

НМУнун ТТП-17 тайпасынын студенттери

Нарын шаарынын Городок аймагында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча Нарын шаардык жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен бирдикте НМУнун ТТП-17 тайпасынын студенттери изилдөө жүргүзүп жатышат. НМУнун басма сөз кызматы.

С. Нааматов атындагы НМУ менен Германиянын Ингольштадт техникалык университетинин ортосунда эки тараптуу кол коюшуу болду.

Нарын дарыясынын (Кыргызстан) жээгиндеги жайылма токойлордун экосистемалык кызматтарын коргоо, калыбына келүүчү энергия технологияларын жана кыска убакытта өсүүчү дарактарды колдонуу менен жер жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу жана квалификацияны жогорулатуу-«ÖkoFlussPlan» кызматташтык долбоорунун алкагында С. Нааматов атындагы НМУ менен Германиянын Ингольштадт техникалык университетинин ортосунда эки тараптуу кол коюшуу болду. НМУнун басма сөз кызматы.

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!