• 9849-xxx-xxx
  • noreply@example.com
  • Кыргызстан, Нарын шаары, С. Орозбак 25
KyrMedu долбоорунун алкагында Германияга иш-сапар

KyrMedu долбоорунун алкагында Германияга иш-сапар

KyrMedu долбоорунун алкагында 2019-жылдын 21−25-январь күндөрү Германиянын Цвикау университетинде жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын жети жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү: координаторлору жана ректорлору катышышты, НМУнун атынан ректор проф. Д.К.Омуралиева жана долбоордун менеджери Э.М.Байбагышов катышышты. Жолугушуу учурунда катышуучулар Цвикау университетинин информатика жана биомедициналык техника боюнча лабораториялары менен таанышышты, ошондой эле нур-терапиясы жана радиоонкология, оптикалык ченегич техникалары менен таанышуу болду. Катышуучулар жолугушуунун алкагында […]

Нарын университетинин шахматисттери мелдештен жеӊиштүү кайтышты

Нарын университетинин шахматисттери мелдештен жеӊиштүү кайтышты

2019-жылдын 21−25-январында Бишкек шаарында Кыргыз-Турк «Манас» университетинин ректорлугунун жана Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын Кубогу үчүн шахмат боюнча өткөрүлгөн мелдешке Нарын мамлекеттик университетинин өкүлдөрү ийгиликтүү катышып келишти. Аталган мелдешке Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайы катышты. Мелдешке катышууга Нарын мамлекеттик университетинин студенттери Токтожусуп уулу Самат, Ажыгулов Нурмат, Медетбекова Бермет жана Садыкова Айпери жолдомо алышып, аларды шахмат боюнча машыктыруучу, педагогика илимдеринин кандидаты Макеев […]

Кызматташтыктын максаты — билим сапатын жогорулатуу

Кызматташтыктын максаты — билим сапатын жогорулатуу

28-ноябрь, 2018 жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Нарын университети менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору» деген аталыштагы кызматташтык форуму өткөрүлдү. Форумга Нарын шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери, адистери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Чакырылган коноктор студенттер менен жолугушууга катышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Студенттер менен жолугушуудан кийин иш берүүчүлөр «Агрардык-техникалык дисциплиналар» жана «Маалыматтык технологиялар» кафедраларында уюштурулган тегерек столго катышты. […]

НМУда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Улуу жазуучу, аалам залкары» аттуу адабий кече болуп өттү

НМУда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Улуу жазуучу, аалам залкары» аттуу адабий кече болуп өттү

2018-жылдын 12-декабрында Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Нарын мамлекеттик университетинин Ж. Саалаев атындагы илимий китепканада «Улуу жазуучу, аалам залкары» аттуу адабий кече болуп өттү. Кечеге Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана филология факультеттеринин окутуучулары жана студенттери катышты. Кеченин жүрүшүндө Чыӊгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле «Дүйнөлүк доошу бар талант» китеп көргөзмөсүнө баяндама берилди. Бул көргөзмөдө Ч. Айтматов боюнча адабияттар, […]

Университеттин 5 жылдык отчету талкууланды

2018-жылдын 21-ноябрында Нарын шаарындагы искусство мектебинин конференц-залында Нарын мамлекеттик университетинин ректору Д.К.Омуралиеванын баяндамасында берилген университеттин 5 жылдык ишмердиги коомдук талкууга коюлду. Талкууга НМУнун кызматкерлери, студенттердин ата-энелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Нарын шаардык кеӊешинин депутаттары катышты. Жыйындын меймандары 5 жыл ичинде университет көптөгөн ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, университетке кеӊ келечек каалашты. Талкуунун жыйынтыгында «Ректордун 5 жылдык ишмердиги канааттандырарлык деп табылсын» […]

You are using the BNS Add Widget plugin. Thank You!