2016−2017-окуу жылына карата

  • ФВ-16 группасынын студенти Турсунбеков Уран Турсунбекович Кыргызстандын курама командасынын атынан Япония мамлекетинде спорттун хоккей түрү боюнча катышып коло медалдын ээси аталды.

  • 24−25 февраль 2017-жылы НМУнун спорт залында «Адеп, ыйман жана маданият» жылына жана С. Нааматов атындагы НМУнун Экономика, бизнес жана башкаруу факультетинин — 20 жылдык маарекесине арналып волейбол боюнча профессордук- окутуучулук, структаралык курамдын, кызматкерлердин арасында мелдеш ѳткѳрүлдү. Мелдешке:
    1. Административдик башкаруу персоналдары, Филология факультетинин курама командасы
    2. Нарын педагогикалык колледжинин командасы
    3. Агрардык-техникалык факультети+ Педагогикалык факультети курама командасы
    4. Экономика, бизнес жана башкаруу факультетинин командасы
    5. Нарын — агрардык- экономикалык колледжинин командасы
    6. АХЧ жана Кесиптик квалификацияны жогорулатуучу центр, илимий китепкананын курама командалары катышып биринчи орунду Нарын — агрардык- экономикалык колледжинин командасы, экинчи орунду Нарын педагогикалык колледжинин командалары камсыз кылышты, үчүнчү орунду Административдик башкаруу персоналдары, Филология факультетинин курама командасы ээ болду, куттуктайбыз!