Тазабек уулу Айбек

тазабек уулуМен Тазабек уулу Айбек 1987-жылы 2-февралда Нарын шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1989-жылдан 1994-жылга чейин «Алтын балалык» балабакчасында тарбияланып, 1994-жылы академик Ү. Асанов атындагы Нарын облустук мектеп лицей-интернатында билим алып, аталган окуу жайды 2005-жылы жакшы жетишкендик менен бүтүрдүм. Ошол эле жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине тапшырып 2010-жылы аяктадым. 2012-жылдан ушул күнгө чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин АТД кафедрасынын Электроэнергетика адистигинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатам.

Учурда үй-бүлөөлүмүн бир уул, бир кызым бар. Жолдошум Ыбышова Айзада Майрамбековна 1988-жылы 11-майда Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылында туулган. 2005−2010-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

2010-жылдан ушул күнгө чейин Нарын мамлекеттик университетине студенттик кадрлар бөлүмүндө архивариус кызматын аркалайт.

Эмгек жолум: 2010−2011- жылы Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинде Техникалык инспектор кызматында иштегем.

2011−2012- Нарын электр тармактар ишканасында инспектор кызматында иштедим.

2012-жылдан ушул күнгө чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин АТД кафедрасынын Электроэнергетика адистигинде окутуучу болуп эмгектенип келе жатам.

НМУ тарабынан берилген сыйлыктар

2014- жылы тил күнүнө карата өткөрүлгөн бир айлыкта жигердүү катышкандыгы үчүн сыйлоо баракчасы.

Cертификат:

  1. «Дистанционные образовательные технологии в инновационной деятельности вуза» 2013
  2. «Педагогикалык процесс: компетенциялар жана компетентүүлүк» 2014

Төмөнкү предметтерден окуу методикалык комплекс түзүлдү:

  1. Электр техникалык материалдар
  2. Схемотехника
  3. Маалымат-өлчөө техникасы жана электроника
  4. Технологиялык жана диспетчердик башкаруунун техникалык каражаттары
  5. Электр чордондорунун жана көмөк чордондордун шаймандарын иштөө тартиби