Турусбеков Чойбек Жеңишович

ЧойбекМен Турусбеков Чойбек Жеңишович1970-жылы 17-мартта Ат-Башы районунун Куйбышев атындагы колхозунуна караштуу Ак-Муз айлында төрөлгөм. 1977-жылдан 1978-жылга чейин Ат-Башы районунун Куйбышев атындагы «Кызыл-Аскер» орто мектебинде, 1978 жылдан-1980 Нарын облустук мектеп интернатында, 1980−1985 азыркы Ак-Муз айлынын «Боогачы» атындагы орто мектепте окугам. 1985 жылдан-1988 жылга чейин Айылдык кесиптик-техникалык окуп жайында окуп, «тракторист-машинист» кесибин алгам. Үй-бүлөөлүмүн бир уул, эки кыздын атасымын.

Эмгек жолум 1988-жылдан 1990 жылга чейин Белорусия Советтик Социалисттик республикасында советтик армияда аскердик кызматымды өтөгөм. 1994 -жылдан 1995-жылга чейин Нарын шаарындагы «автомотосервис» автоунаа оңдоочу жайда, слесарь. маляр, моторист кызматтарында иштедим. 1997-жылдан баштап 2011жылга чейин С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин АТД кафедрасында Электроэнергетика адистигинде өндүрүштүк окутуу мастери кызматында иштегем. 2011-жылдан 2012-жылга чейин Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде «Электрик» кызматында убактылуу иштеп, кайрадан 2012-жылы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде өндүрүштүк окутуу мастери кызматына келип азыркы учурга чейин иштеп келе жатам.

НМУ тарабынан берилген сыйлыктар

2013-жылы Энергетиктердин кесиптик күнүнө күнүнө карата Эң мыкты энергетик грамотасы.

2014-жылы Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата С. Нааматов атындагы НМУ нун Ардак грамотасы.