физика- математика илимдеринин кандидаты, доцент, КР ИА мүчө-корреспонденти
Абдылдаев Обозбек Талипович 1959-жылы 21-апрелде Нарын областына караштуу Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. Орто мектепти 1976-жылы бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинин студенти болуп кабыл алынган. Аталган окуу жайды 1981-жылы аяктап, «Физик-окутуучу» адистигине ээ болгон.
1981−1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын «Физика» институтунда инженер, ага инженер, кенже илимий кызматкер жана илимий кызматкер орундарында эмгектенген.
1996-жылы «Жылуулук физикасы жана молекулярдык физика» адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган, 1997-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган.
1996-жылдан баштап Нарын мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, факультеттин деканы кызматтарында иштеп келе жатат.
2001-жылы илимий-педагогикалык иштеринин жетишкендиктерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан «Эл агартуунун отличниги» наамы берилген.
2003-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы илимий-изилдөө жана педагогикалык иштердин жыйынтыгынын негизинде «Энергетика» илимдери боюнча «доценттик» наамды ыйгарган.
Элүүдөн ашык илимий макалалары Эл аралык, республикалык жана жогорку окуу жайлардын илимий журналдарында басылып чыккан.
2003-жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясы тарабынан өткөрүлүүчү конкурска катышып, КР ИА мүчө-корреспонденти болуп шайланган.
Илимий-техникалык чөйрөдө кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары өнүгүшүнө карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин грифи алынып, алты окуу китептери, илимий макалалар жана он эки лабораториялык-практикалык усулдук көрсөтмөлөр чыгарылган.
2014-жылы Абдылдаев О.Т. «Көз ирмем», «Бөгөттөө» аттуу чыгармаларды жарыкка чыгарды.
Илимий эмгектеринин, окуу китептеринин жана усулдук көрсөтмөлөрүнүн тизмеги
- Рассеяние лазерного излучения длиной волны 1,06 мкм плазменным факелом.
- Динамика развития каверны в мишени из мрамора под действием излучения длиной волны 1,06 мкм.
- Влияние мощности лазерного излучения на процесс обработки мрамора.
- Рассеяния излучения при лазерной обработке гранита
- Рассеяние лазерного излучения мелкодисперсными частицами плазменного факела мрамора
- Оптический метод определения относительной концентрации рассеивающих частиц в лазерном эрозионном факеле.
- Лазерная обработка мрамора разных сортов
- Особенности взаимодействия лазерного излучения с композиционными материалами в непрерывном режиме.
- Исследование физических процессов, протекающих в зоне взаимодействия лазерного излучения с природными минералами.
- Особенности разрушения углеродных полимеров при действии интенсивного потока лучистой энергии.
- Влияние исходного состояния мрамора на процесс распространения тепла при воздействии лазерного излучения.
- Поглощательная способность мрамора при воздействии лазерного излучения длиной волны 1,06 мкм
- Авторское свидетельство № 1 723 918 на изобретение: «Покрытие для защиты объекта от лазерного излучения», 1991
- Авторское свидетельство № 1 732 238 изобретение: «Способ адгезии пленочного покрытия к подложке», 1992
- Спектральные методы определения золота в рудах.
- Терм раскалывание природных минералов под действием лазерного излучения
- Динамика развития лазерного эрозионного факела
- Радиометрические исследования β- активности атмосферной осадки в г. Нарын
- Радиометрические и радиохимические исследования радиоактивности почвы и растений
- Атомно-абсорбционное определение тяжелых металлов (Pb, Cu, Zn, Cd, Co, Ni)
- Исследование оптических свойств природных минералов при воздействии лазерного излучения
- Нарын дарыясынын суусундагы оор металлдарды изилдөө.
- Численный анализ стационарного развития каверны в мраморе под действием лазерного излучения
- Физико-химическое, механическое и электрические свойства магматических горных пород
- Сравнительный анализ действия неодимового и СО2 лазеров на природные минералы
- Влияние угла падения лазерного излучения на отражательную способность мрамора.
- Влияния на центр излучения факела изменения угла падения лазерного луча
- Влияние различных сред на динамику развития каверны при воздействии лазерного излучения на вещество
- Влияние лазерного излучения на механические свойства и структуру синтетического поликристаллического алмаза
- Лазерная технология обработки синтетических алмазов
- Мамлекеттик тилде илимий-техникалык атоолордун калыптанышы тууралуу маселелер
- Физика жана техника илимдеринде кыргызча атоолорду колдонуунун маселелери жөнүндө.
- Мамлекеттик тилибизди электротехника жана электроника илимдеринде жайылтуунун өзгөчөлүктөрү.
- Физикалык электроника жана микроэлектроника илимдеринде кээ бир кыргызча атоолордун түшүндүрмөсү жана атоолор сөздүгү.
- Физиканын «Электромагнетизм» бөлүгү жана «Электротехниканын теориялык негиздери» предметтеринде кыргызча жаңы атоолорду (терминдерди) киргизүүнүн көйгөйлүү маселери
- Влияние лазерного нагрева на прочностные свойства синтетических алмазов
- Дистанттык (аралыктан) билим берүүнүн негизги өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары.
- Дистанттык билим берүүнүн педагогикалык негиздери.
- Дистанттык квалификацияны жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.
- Физикалык электрониканын өнүгүү тенденциясынын билим берүүдөгү инновациялык педагогикалык технологияга тийгизген таасири.
- Жаңы маалыматтык-коммуникациялык билим берүү чөйрөсүнүн шарттарында педагогдордун профессионалдык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча даярдыктарын анализдөө.
- Дистанттык билим берүүдө мультимедиялык лекциялардын комплексин пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жана натыйжалуулугун көрсөтүү.
- Билим берүү системасында педагогикалык ишмердүүлүктүн инновациялык багытталышы.
- Дистанттык билим берүүнүн өнүгүү тарыхы жана келечеги
- Окутуу технологияларынын бири катары учурдагы дистанттык билим берүү формасы
- Профессионалдык педагогикалык билим берүү жараянында дистанттык технологияларды колдонуунун илимий-теориялык негиздери
- Дистанттык билим берүү формасынын өзгөчөлүктөрү
- Окуу усулдук көрсөтмөлөрдүн электрондук варианттарынын принциптери жана колдонулушу.
- Д. Мамбетовдун илимий эмгектери жана окуу куралдары тууралуу кыскача баяндама
- Компьютердик телекоммуникациялар- дистанттык билим берүүнүн перспективдүү технологияларынын бири
- Окутуучунун инновациялык педагогикалык ишмердүүлүккө даярдыгын калыптандыруу.
Жогорку окуу жайлар үчүн чыгарган окуу китептери
- Абдылдаев О.Т. Электротехниканын назарияттык негиздери. II-III-бөлүктөр. -Б.: «Бийиктик», 2004.
- Абдылдаев О.Т. Жалпы электроника. -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2005.
- Абдылдаев О.Т. Физика «Электромагнетизм». -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2006.
- Абдылдаев О.Т. Физикалык электроника жана микроэлектроника. -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2007.
- Абдылдаев О.Т. Электротехниканын теориялык негиздери (2-чи басылышы). -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2008.
- Абдылдаев О.Т. Физика «Электромагнетизм» (2-чи басылышы). -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2009.
- Абдылдаев О.Т., Осмокеев А. Физика-техникалык илимдер боюнча орусча-кыргызча атоолор сөздүгү.-Б.: «Абыкеев А.Э.», 2006.
- Абдылдаев О.Т., Осмокеев А. Кыргызско-русский терминологический словарь по физико-техническим наукам. -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2006.
- Атанаев Т.Б., Абдылдаев О.Т. Основы научных исследований.. -Б.: «Абыкеев А.Э.», 2007.
Усулдук көрсөтмөлөр
- Методическое руководство к лабораторным работам № 1−4 по дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1, раздел «Линейные электрические цепи»).
- Методическое руководство к лабораторным работам № 5−6 по дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1, раздел «Линейные электрические цепи»).
- Методическое руководство к лабораторным работам № 9−12 по дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1, раздел «Линейные электрические цепи»).
- Методическое руководство к лабораторным работам № 13−15 по дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1, раздел «Линейные электрические цепи»).
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1). Метод принципа наложения.
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1). Метод двух узлов.
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1). Метод контурных токов.
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1). Метод уравнений Кирхгофа
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1). Электрические цепи однофазного переменного синусоидального тока.
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 1). Трехфазные цепи.
- Методическое руководство к проведению практических занятий дисциплине «Теоретические основы электротехники» (часть 2). Нелинейные электрические цепи.
- «Электротехниканын теориялык негиздери» курсу боюнча «Электроэнергетика» багытындагы адистиктер учун тузулгон студенттердин оз алдынча иштоосу жана модулдук тапшырмаларды аткаруу учун окуу-усулдук корсотмолор. 2013. 4,75 б.т.