Молдалиев Эгенберди Дуйшекеевич

moldalievтехника илимдеринин кандидаты, доцент.

Молдалиев Эгенберди Дуйшекеевич 1966-жылы 9-апрелде Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1974-жылы өз айылындагы Ак-Тал орто мектебине окууга кирип, аны 1983-жылы аяктаган. Ушул эле жылы Нарын шаарындагы Нарын айыл-чарба техникумунун «Агроном» адистигине кабыл алынган. 1984-жылдан 1986-жылга чейин Украина ССРнин Запорожье шаарында аскердик кызматын өтөгөн. Аскерден келгенден кийин өз айылында бир жыл жумушчу катары иштеп, андан соң Нарын айыл-чарба техникумунда окуусун уланткан. 1989-жылы аталган техникумду ийгиликтүү аяктап, «Агроном» адистигине ээ болгон.

1989-жылдан 1991-жылга чейин Акталаа районуна караштуу Коммунистчил совхозунда «агроном-учетчик» катары эмгектенет.

1991-жылы Россия федерациясына караштуу Красноярск шаарындагы Красноярск политехникалык институтуна «Автоунаадагы ташууну уюштуруу жана башкаруу» адистигине кабыл алынган. 1993-жылы Бишкек шаарындагы Фрунзе политехникалык институтуна ошол эле адистикке которулат. Аны 1996-жылы ийгиликтүү аяктап, өзү бүткөн Бишкек шаарындагы Кыргыз техникалык университетиндеги (мурунку Фрунзе политехникалык институту) «Автоунаа» кафедрасына окуу мастерлигине чакырылат, ал эми окутуучулук эмгек жолун ушул эле кафедрага караштуу айдоочуларды даярдоо автомектебинде жана «Бишкек автожол» техникумунда кошумча сабак берүү менен баштаган.

Молдалиев Эгемберди Дүйшекеевич 1998-жылдын декабрь айынан тартып Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) жетекчилигинин чакыруусу менен Кыргыз техникалык университетинен Нарын мамлекеттик университетине которулуп «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенет.

1999-жылдын 1-январында ушул эле университеттин алдындагы автомектепке директор болуп дайындалган. Ушул жылы «Тоолуу шарттарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун илимий — методикалык негиздери» аттуу кандидаттык диссертациясынын темасын бекитип, Кыргыз техникалык университетине аспирантурага кабыл алынган.

Илимий иштерине байланыштуу 2004-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз малекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде «Автоунааларды пайдалануу» кафедрасында ага окутуучу, доцент болуп иштейт. Ал эми 2005-жылдын 9-ноябрында жогоруда аталган диссертациясын ийгиликтүү коргоп, техникалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.

2006-жылы кайрадан НМУнун жетекчилиги тарабынан «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасына чакырылып кафедра башчысы болуп дайындалат. Муну менен бирге Университеттин автомектебин жетектеп жалпы Нарын облусунун элине кызматын көрсөтүп келет.

Илимий жана окуу-методикалык эмгектеринин негизинде 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан «Транспорт» адистиги боюнча доценттик окумуштуулук наамы ыйгарылган.

Кафедрада доцент катары «Жол кыймылын уюштуруу», «Унаа каражаттарынын коопсуздугу», «Автомобилдерде ташууну уюштуруу», «Жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу» ж.б. предметтерден лекция окуп, лабораториялык жана практикалык иштердин базасын чыӊдаган. Муну менен бирге жаш аспиранттардын илимий иштерине көмөк көрсөтүп, пайдалуу иш-тажрыйбалары менен бөлүшүп келет.

2009-жылы конкурстук негизде НМУнун агрардык-техникалык факультетине декандык кызматка дайындалат.

Молдалиев Эгенберди Дүйшекеевич Нарын облустук жол кайгуул кызматы жана жол башкаруу өндүрүштүк тармактары менен бирдикте иштеп Нарын-Казарман, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош жолдорундагы болуп жаткан жол кыймылынын көйгөйлүү маселелерин ачуу менен бирге жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча өзүнүн салымын кошуп келе жатат. Мунун баардыгы өзүнүн жарык көргөн илимий эмгектеринде чагылдырылган.

2012-жылдын май айында Кыргыз республикасынын билим жана илим Министрлиги тарабынан НМУнун финансылык-чарбалык иштери боюнча проректору болуп дайындалган.

Жазаган эмгектеринин үзүрүнүн негизинде НМУнун бир катар ардак грамоталарына, Нарын облустук администрациясынын жана шаардык депутаттар кенешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын ардак грамоталары менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгисинин ээси.

Азыркы мезгилде «Тоолуу шарттарда кыймыл коопсуздугун камсыздоодогу теориялык жана прикладдык аспектилердин негиздери» аттуу темада докторлук ишинин үстүндө иштеп келүүдө. Агрардык-техникалык кафедрасынын доценти.

Өзүнүн окутуучулук эмгек жолунда 41 илимий жана окуу-методикалык көрсөтмөлөрү жарык көргөн. Анын ичинен: 27 илимий, 12 окуу-методикалык жана 2 окуу китеби.

Илимий иштери:

  1. Анализ аварийности дорожного движения в горных районах (статья).- Вестник Нарынского государственного университета № 2, НГУ, Нарын, 2001,
  2. Основные причины аварийности дорожного движения в горных районах (статья).- Вестник Нарынского государственного университета № 2, НГУ, Нарын, 2001, с. 190−195
  3. Состояние аварийности дорожного движения автомобильной дороги Бишкек-Торугарт (статья).- Материалы второй научно-практической конференции: «Проблемы образования и науки», посвя­щенной 10-летию независимости Кыргызской Республики и 5-летию образо­вания НГУ, Нарын, 11−12 мая, 2001, с. 51−56.
  4. Мы за безопасность движения (статья).
  5. Обоснование расчетных показателей скорости движения автомобилей в горных условиях (статья).
  6. Вероятность обгона на горных автомобильных дорогах (статья).
  7. Обоснование скоростных ограничений автотранспортных средств в горных условиях (статья).
  8. Методические рекомендации по эксплуатации аккумуляторных батарей колесных машин в условиях высокогорья и жаркого климата (статья).
  9. Сравнительная оценка технико-эксплуатационных показателей автомобилей при сельскохозяйственных перевозках (статья).
  10. Изменения режимов и безопасности движения транспортных потоков на горных дорогах по периодам года (статья).
  11. Условие безопасной скорости движения автотранспортных средств на горных дорогах с учетом метеорологической дальности видимости (статья).
  12. Обоснования энергетических затрат на качение колеса автомобиля по грунтовым дорогам и агрополям (статья).
  13. Состояние сети автомобильных дорог в Кыргызской республике (статья).
  14. Состояние и пути развития международных автомобильных перевозок в средней Азии (статья).
  15. Состояние и перспективы развития международных автомобильных перевозок в Кыргызской республике (статья).
  16. Некоторые аспекты психофизиологии в надежности водителя АТС (статья).
  17. Характеристика сети международных автомобильных перевозок и тенденция развития автомобильных перевозок (статья).
  18. Совершенствование норм и нормативов технической эксплуатации автомобильного транспорта в сельскохозяйственных районах (статья).
  19. Сравнительный анализ дорожно-транспортных происшествий по автомобильной дороге Бишкек-Нарын-Торугарт (статья).
  20. Некоторые вопросы повышения безопасности дорожного движения на горных дорогах (статья).

Усулдук көрсөтмөлөр:

  1. Методические указания и журнал к выполнению лабораторных работ 1−5 по курсу «Конструкция автомобилей» для студентов специальности 55 210 202 «Организация и безопасность движения».
  2. Методические указания и журнал к выполнению лабораторных работ 6−9 по курсу «Конструкция автомобилей» для студентов специальности 55 210 202 «Организация и безопасность движения».
  3. Методические указания к выполнению лабораторных работ по курсу «Организация и безопасность дорожного движения»
  4. Методические указания к выполнению практических работ по курсу «Учет и анализ дорожно-транспортных происшествий»
  5. Дорожные испытания автомобиля на устойчивость и управляемость.
  6. Методические указания к самостоятельной работе по курсу «Организация автомобильных перевозок»).
  7. Методические указания по преддипломной практике и дипломному проектированию для специальности 55 210 202 «Организация и безопасность движения».
  8. Силлабус по курсу «Организация и безопасность движения»
  9. Силлабус по курсу «Конструкция автомобилей»

Сертификаттары:

  • «The Innovative methods for students individual work» 2007
  • 2. «Билим сапаттын баалоо». Нарын. 2011
  • 3. TIKA «ТEMEL SEVIYE». Бишкек. 2011
  • 4. «КР жогорку кесиптик билим берүүнүн эки денгээлдүү түзүмү». Нарын. 2012
  • 5. «Сельскохозяйственная техника». Бишкек. 2009
  • 6. «Трениг для тренингов». Нарын. 2010
  • 7. «Открытая школа». Нарын. 2007
  • 8. «Управление государственными закупками товаров и услуг». Бишкек. 2008
  • 9. «Стратегическое планирование». Нарын. 2013
  • 10. «Компетентностный подход к формированию содержания образования и особенности разработки программ учебных дисциплин». Нарын. 2007
  • 11. «Технологии и методы обучения в высшем образовании». Нарын. 2009
  • 12. «Окутуунун инновациялык технологиялары».Нарын 2011

Сыйлыктары:

  • Нарын шаарынын мэриянын жана шаардык кеңешинин «Ардак грамотасы"2001
  • НМУнин грамотасы 2007
  • КР унаа жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата ардак грамота 2010
  • КР Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы 2010
  • Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын ардак грамотасы 2014