2018−2019-окуу жылына карата

1. 24-февраль 2019-жылы Алматы шаарында окутуучулардын модилдүүлүгүн өнүктүрүү максатында өткөрүлгөн кышкы марафондо С. Нааматов атындагы НМУнун «Дене тарбия» кафедрасынын окутуучусу Т. Шааева 10 км. аралыкка чуркоодо 1 — орунду, ошондой эле 2019- жылдын 24-мартында Москва шаарынын Трелецкий паркында өткөрүлгөн Эл аралык жазгы марафондо 42 км. 195 м. аралыкка чуркоодо 1- орунду камсыз кылып келди.

2. Студенттерди спорттук мелдештерге үзгүлтүксүз катыштыруу максатында 2019-жылдын 12- мартында Бишкек шаарында жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн Универсиадага спорттун ««Эркин күрөш» түрү боюнча НМУнун курама командасы 2- лигадан 2- орунду камсыз кылып 1 — лигага жолдонмо алышты. Команданы НМУнун «Дене тарбия» кафедрасынын окутуучусу Б.Т.Мамытбеков жетектеп барып келди.

3. 2019-жылдын 18- 22- мартында Бишкек шаарында жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн Универсиадага спорттун «Баскетбол» түрү боюнча НМУнун уландар арасында курама командасы 1- лигадан 2- орунду камсыз кылып жогорку лигага жолдонмо алышты. Команданы НМУнун «Дене тарбия» кафедрасынын тренери жетектеп барып келди.

Мындан сырткары спорттун шахмат, волейбол жана кичи футбол түрү боюнча НМУнун курама командалары барып катышып, өзүлөрүнүн жогорку чеберчиликтеги оюндарын көрсөтүп келишти.