2013−14 окуу жылында MAPREE программасы боюнча Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасында аткарылган иштер

Нарын регионундагы электр жана башка тармактарындагы ишканалардан сурамжылоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында Темпус долбоорунун MAPREE программасы менен адистерди даярдоо белгилүү болду.

Жаңы магистрдик программасындагы бөлүнгөн дисциплиналар боюнча окутуучуларга бул долбоорду презентациялоо жана аларга дисциплиналардын силлабустарын жана лекциялык китепттерин даярдыкты бүткөрүү 2014-жылдын май айына белгиленди. Үчүнчү маселе боюнча лабораториялык приборлорду алууга 15 500 € бөлүнөөрүн төрага маалымдады жана ушул лабораторияга бир аудиторияны атайын бөлүү жөнүндө Факультеттин кеңешине кайрылуу жиберилип, 3-корпустан 33 аудиторияны даярдоо белгиленди.

Окуу планындагы дисциплиналардын алкагында мурда 4 прибор: Инфракызыл термометри «Fluke 68», Термоанемометр «Testo 425», Термоанемометр «Testo 445» жана Газоанализатор системасы «Testo 300» көрсөтүлгөн жана дагы толуктоолор киргизилди. Мында шамалдын ылдамдыгын ченөөчү анемометр (Чашечный анемометр), Актинометр, Пиранометр. Компрессордук жылуулук насосу, Термоизоляторлор, жарык өткөрүүчү жылуулук изоляторы жана счетчиктерди, Фотовольтаик (күндүн панели и күндүн батареясы, зарденин жсалгыч (регулятор заряда), суунун ылдамдыгын ченөөчү -Вертушка; ички жана сырткы абаны ченөөчү электрондук термометр; көрсөтмө куралдар катары жазалган жылуулук изоляция материалдарынын макеттери, жылуулагычтар (утеплители) жана GIS Soft — программасын Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасы сунушташты.