MAPREE программасы жөнүндө маалымат

Учурда НМУда ТЕМПУС долбоорунун алкагында «Борбордук Азияда жана Россияда калыбына келүүчү энергияны жана имараттарда энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча магистрдик программасы» (MAPREE) долбоору жалпысы 19 өнөктөш университеттер жана курулуш компаниялары менен аткарылууда.

Долбоордун негизги максаттары болуп калыбына келүүчү энергияны жана имараттарда энергияны эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тааныштыруу жана билимди күчтөө, энергиянын колдонулушун төмөндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана жаратылышка келтирген зыянды азайтуу болуп эсептелет. Ошондой эле курулушта базар экономикасынын шартында талап кылынган граждандык курулуш инженерлерди Магистрдик даражадагы бүтүрүүчүлөрдү окутуу менен өнөктөш өлкөлөрдө энергияны натыйжалуу пайдаланунун шрифтери боюнча адистиктерди туруктуу өнүктүрүү жана практикалоо болуп эсептелет.

Калыбына келүүчү энергияны жана имараттарда энергияны эффективдүү пайдалануу боюнча Магистрдик программаны ишке ашыруу жана жайылтуу максатында Кыргызстандан Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, М. Адышов атындагы Ош технологиялык университети, «CEEBA» жана «Авангард стиль» курулуш компаниялары, Нарын мамлекеттик университети, о.э. пилоттук долбоорго негизги өнөктөш катары Билим берүү жана илим министрлиги катышкан. Магистрдик программа эксперименталдык долбоор болгондуктан өнөктөш университеттерде 3 циклдуу Болон системасы менен Европалык кредиттик технологияны колдонуу жана интерактивдүү окутуу жана билим берүүдө эксперименттик жана лабораториялык база түзүлөт.

НМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2013-жыл 7-февралындагы чечими менен бул долбоорду ишке ашыруу Агрардык-техникалык дисциплиналар кафедрасына бекитилген. Программанын окуу планындагы дисциплиналардын силлабустары толугу менен даярдалды. Лабораториялык приборлорго долбоор тарабынан 15 500 Евро каралган жана аларды тендер аркылуу сатып алууга даярдыктар көрүлүүдө.

Долбоордун негизинде 2014-жылдын сентябрь айынан баштап Магистердик программа боюнча бакалавр даражасы бар студенттерге эки жылдык мөөнөттөгү жана курулушчулар, архитекторлор үчүн кыска мөөнөттөгү окуу курстарды уюштуруу пландалууда. Өнөктөш университтер ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүү, Магистердик программа менен окуган студенттерге жана окутуучуларга мобилдүүлүктүн негизинде билим алуу жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле университеттер менен катар курулуш жана башка компаниялар илимий-техникалык иш алып барууга да көмөк көрсөтүлөт.

Презентация MAPREE

Final Report of activities Naryn State University named after S. Naamatov (NSU)

MAPREE- Master Program of Renewable Energy and Energy efficiency- Report