Тарыхчы студенттердин экскурсиясы

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин «Тарых, философия жана социалдык- экономикалык билим берүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулук жааматы жана тарых адистигинин студенттери, президенттин жарлыгы боюнча «Аймактарды өнүктүрүү» жылына, «Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына» карата жергебиздеги тарыхый-этнографиялык эстеликтерди окуп үйрөнүү максатында, архивдик-музейлик практикалык экскурсияга барып кайтышты. Алар Кочкор айылындагы тарыхый мекен таануу музейинде, Боом капчыгайындагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө арналган мемориалдык комплексте болуп, куран окулуп, таазим кылуу иш-чаралары болду.

Андан тышкары Токмок шаарындагы 17 кылымдын чыгаан инсаны Манап бийдин эстелигинде, Бурана тарыхый-архитектуралык комлексинде, орто кылымдардагы Караханийлер мезгилинде курулган Бурана тарыхый-архитектуралык минарети, андагы таш балбалдары туурасында окутуучулар маалымат берип, студенттер музей менен таанышып чыгышты.

Кийинки күнү Манас-Түрк университетинин тарыхый-этнографиялык музейиндеги археологиялык казуу мезгилинде табылган артефактылар аркылуу, таш, коло дооруна таандык эстеликтер жана Борбордук Азиянын байыркы жана орто кылымдардагы элдердин материалдык маданияты менен жакындан таанышып, музейдин илимий кызматкери менен суроо-жооп ирээтинде маалымат алышты.

Соӊку тарыхтагы белгилүү дата болгон 24-март күнү С. Нааматов атындагы НМУнун окутуучулары жана студенттери Чоӊ-Таш айылындагы «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде өкмөт мүчөлөрү менен бирдикте ишембиликке катышып, карагайдын, бактын көчөттөрүн отургузушту жана мемориалдык комплекстеги тоталитардык режимдин репрессиясынын курмандыктарынын, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун, 7-апрель революциясынын шейиттеринин күмбөздөрүнө таазим кылышып, куран окушту.

Сүрөттөр